Быйыл Кыргызстанда 80 миңден ашык окуучу мектепти аяктайт

Быйыл Кыргызстанда 80 миңден ашык окуучу мектепти аяктайт

Быйыл Кыргызстанда 80 миңден ашуун окуучу мектепти аяктайт. Бул тууралуу Агартуу министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2025-2026-окуу жылында 11-классты 80 миң 829 окуучу аяктаса, 9-классты 135 миң 979 окуучу бүтүрөт.

Белгилей кетсек, өлкөнүн бардык мектептеринде акыркы коңгуроо салтанаты 29-майда өтөт.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкек мэриясы муниципалдык унааларды сатуу боюнча аукцион жарыялады

Бишкек мэриясы муниципалдык унааларды сатуу боюнча аукцион жарыялады

Бишкек шаарынын мэриясы муниципалдык менчиктеги унааларды сатуу боюнча ачык аукцион өткөрөрүн жарыялады. Маалыматка ылайык, 157 лоттон турган аукцион 2026-жылдын 15-июнунда саат 14:00дө Бишкек шаарынын Чүй проспектиси, 168 дарегинде башталат. Аукционго катышуу үчүн арыздар 2026-жылдын 10-июнуна чейин кабыл алынат. Ачык аукционго катышуу укугуна ээ болуу үчүн талапкерлер Бишкек шаарынын мэриясынын

"Глобал Хакатом" эл аралык студенттик чемпионаттын улуттук этабы өттү

"Глобал Хакатом" эл аралык студенттик чемпионаттын улуттук этабы өттү

2026-жылдын 13-14-май күндөрү Кыргыз-Россия Славян университетинде (КРСУ) “Росатомдун” колдоосу менен “Глобал Хакатом” эл аралык студенттик чемпионаттын улуттук этабы өтүп, ага Кыргызстандын 5 университетинен 75тен ашык студент катышты. Чемпионаттын бул жолку этабы “Жашоо жана ден соолук үчүн ядролук технологиялар” темасына арналды. Иш-чара “Обнинск Тех” Эл аралык илимий-билим берүү борборун өнүктүрүүнүн алкагында

Кочкор районунда ишкерлердин көйгөйлөрү талкууланды

Кочкор районунда ишкерлердин көйгөйлөрү талкууланды

Нарын облусунун прокуратурасы тарабынан Кочкор районунун ишкерлери менен жолугушуу өткөрүлдү. Анда ишкерлердин жана инвесторлордун укуктарын коргоо, ошондой эле ишкердик субъекттеринин ишине мыйзамсыз кийлигишүүлөргө жол бербөө маселелери талкууланды. Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө катышуучуларга Кыргыз Республикасынын Президентинин ишкердик субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүгө убактылуу мораторий киргизүү тууралуу Жарлыгынын талаптары боюнча кеңири түшүндүрмө

Айрым жетекчилик кызматтарга дайындоо сынаксыз болот

Айрым жетекчилик кызматтарга дайындоо сынаксыз болот

Президент Садыр Жапаров мамлекеттик жана муниципалдык кызмат системасына өзгөртүү киргизген жарлыкка кол койду. Жаңы тартипке ылайык, учурда иштеп жаткан акимдер, алардын орун басарлары, мэрлер жана айыл өкмөт башчылары тең же төмөн кызматтарга сынаксыз дайындала алышат.  Дайындоо 3 жумуш күнүнүн ичинде жүргүзүлөт. Ушундай эле тартип шаар мэрлеринин учурдагы орун басарларына да