Президент көп балалуу энелерди сыйлады

Президент көп балалуу энелерди сыйлады

Президент Садыр Жапаров көп балалуу энелерди “Баатыр эне” ордени жана “Эне даңкы” медалы менен сыйлады.

Президенттик админстрациянын маалымат жана саясат бөлүмүнөн билдиришкендей, Мамлекет башчысы Садыр Жапаров көп балалуу энелерди мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоо тууралуу жарлыктарга кол койду.

Жети жана андан көп баланы төрөгөн жана татыктуу тарбиялаган энелер “Баатыр эне” ордени менен сыйланды.

“Эне даңкы” медалы менен алты баланы төрөгөн жана татыктуу тарбиялаган энелер сыйланды.


Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA сайтынын TelegramFacebookInstagramThreadsХ жана YouTube каналдарынан
окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!

Мындан тышкары окуңуз

"Глобал Хакатом" эл аралык студенттик чемпионаттын улуттук этабы өттү

"Глобал Хакатом" эл аралык студенттик чемпионаттын улуттук этабы өттү

2026-жылдын 13-14-май күндөрү Кыргыз-Россия Славян университетинде (КРСУ) “Росатомдун” колдоосу менен “Глобал Хакатом” эл аралык студенттик чемпионаттын улуттук этабы өтүп, ага Кыргызстандын 5 университетинен 75тен ашык студент катышты. Чемпионаттын бул жолку этабы “Жашоо жана ден соолук үчүн ядролук технологиялар” темасына арналды. Иш-чара “Обнинск Тех” Эл аралык илимий-билим берүү борборун өнүктүрүүнүн алкагында

Кочкор районунда ишкерлердин көйгөйлөрү талкууланды

Кочкор районунда ишкерлердин көйгөйлөрү талкууланды

Нарын облусунун прокуратурасы тарабынан Кочкор районунун ишкерлери менен жолугушуу өткөрүлдү. Анда ишкерлердин жана инвесторлордун укуктарын коргоо, ошондой эле ишкердик субъекттеринин ишине мыйзамсыз кийлигишүүлөргө жол бербөө маселелери талкууланды. Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө катышуучуларга Кыргыз Республикасынын Президентинин ишкердик субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүгө убактылуу мораторий киргизүү тууралуу Жарлыгынын талаптары боюнча кеңири түшүндүрмө

Айрым жетекчилик кызматтарга дайындоо сынаксыз болот

Айрым жетекчилик кызматтарга дайындоо сынаксыз болот

Президент Садыр Жапаров мамлекеттик жана муниципалдык кызмат системасына өзгөртүү киргизген жарлыкка кол койду. Жаңы тартипке ылайык, учурда иштеп жаткан акимдер, алардын орун басарлары, мэрлер жана айыл өкмөт башчылары тең же төмөн кызматтарга сынаксыз дайындала алышат.  Дайындоо 3 жумуш күнүнүн ичинде жүргүзүлөт. Ушундай эле тартип шаар мэрлеринин учурдагы орун басарларына да

Быйыл Кыргызстанда 80 миңден ашык окуучу мектепти аяктайт

Быйыл Кыргызстанда 80 миңден ашык окуучу мектепти аяктайт

Быйыл Кыргызстанда 80 миңден ашуун окуучу мектепти аяктайт. Бул тууралуу Агартуу министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, 2025-2026-окуу жылында 11-классты 80 миң 829 окуучу аяктаса, 9-классты 135 миң 979 окуучу бүтүрөт. Белгилей кетсек, өлкөнүн бардык мектептеринде акыркы коңгуроо салтанаты 29-майда өтөт.