Кыргызстандыктар 24-июлга чейин социалдык же мүлктүк эсептен чыгарууну алуу үчүн арыз менен кайрыла алышат

Кыргызстандыктар 24-июлга чейин социалдык же мүлктүк эсептен чыгарууну алуу үчүн арыз менен кайрыла алышат

Жарандар 24-июлга чейин мурдагы жылдары тапшырган салык декларацияларынын негизинде социалдык же мүлктүк эсептен чыгарууларды алууга арыз берүүгө укуктуу. Бул тууралуу Салык кызматы эскертти.

Маалыматка ылайык, мындай мөөнөт КРнын 2023-жылдын 9-июнунда күчүнө кирген «Жеке жактардын активдерин ыктыярдуу легалдаштыруу жана мунапыс берүү жөнүндө» мыйзамынын кабыл алынышына байланыштуу белгиленген.

Салык кодексинин 196 жана 197-беренелерине ылайык, салык төлөөчүлөр ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып 45 календардык күндүн ичинде социалдык жана/же мүлктүк эсептен чыгарууларды алуу жөнүндө салык органына арыз менен кайрылуу мүмкүнчүлүгүнө ээ. Бул үчүн эсептен чыгаруу укугун тастыктаган тиешелүү документтерди тиркөө керек.

Социалдык жана мүлктүк эсептен чыгарууга өз укуктары жөнүндө жазуу жүзүндөгү арыз салык органы тиешелүү чечим кабыл алганга чейин салык төлөөчүнүн салык декларациясын жок кылбоого негиз болуп саналат.

Эскерте кетсек, аталган мыйзам күчүнө кирген учурдан тартып мүлктүк эсептен чыгарууну алуу максатында баштапкы жана такталган салык декларацияларын кабыл алууга жол берилбейт.

Мындан тышкары окуңуз

Балдардын баасы 5.0: курьерлер жана айдоочулар Family Day майрамын белгилешти

Балдардын баасы 5.0: курьерлер жана айдоочулар Family Day майрамын белгилешти

Июндун ишемби күнү, Бишкектин Дордой стадионун таңы балдардын жандуу күлкүсү менен башталды. Адатта, бул адамдар бири-бирин үстүртөн карап, жолдун кесилишинде унаанын арткы күзгүсүнөн же шаардык кафелерде буйрутма алып кетүүгө келгенде, ар бир мүнөт кымбат кезде көрүшөт. Бирок бул күнү айдоочу, курьер жана “Яндекс Кыргызстандын” кызматкерлери өздөрүн ата-эне, күйөө

Батумиде шайлоодогу маалыматтык коопсуздук маселелери каралууда

Батумиде шайлоодогу маалыматтык коопсуздук маселелери каралууда

17–18-июнь күндөрү Грузиянын Батуми шаарында шайлоону башкаруу органдарынын жыйыны өтүүдө. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, иш-чарага дүйнөнүн ар кыл өлкөлөрүнөн шайлоо органдарынын өкүлдөрү, эл аралык уюмдардын адистери катышууда. Кыргызстандан БШКнын басма сөз катчысы Наргиза Мансурова-Ябута жана эл аралык кызматташтык жана шайлоо процессинин катышуучулары

Караколдогу сейил бак оңдоп-түзөөдөн өтүүдө

Караколдогу сейил бак оңдоп-түзөөдөн өтүүдө

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын алкагында Каракол шаарындагы 100 жылдык тарыхы бар А.Пушкин атындагы борбордук сейил бакты оңдоп-түзөө иштеринин жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, жалпы аянты 7,5 гектарды

Нарында саркынды суу тазалоо жайынын курулушу башталды

Нарында саркынды суу тазалоо жайынын курулушу башталды

“Нарын шаарында таза суу менен камсыздоо жана канализация системасын ишке ашыруу” долбоорунун II фазасынын алкагында жаңы саркынды суу тазалоо жайынын курулушуна капсула салынды. Бул тууралуу Нарын шаардык мэриясынын маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Нарын шаары үчүн өзгөчө маанилүү санитардык-экологиялык мыкты шарт түзүүчү обьектинин курулушун баштоо салтанатына Министрлер Кабинетинин Төрагасынын