Бишкектин мэриясы ишкерлерге жеке бала бакчаларды ачууга жардам бере алат

Бишкектин мэриясы ишкерлерге жеке бала бакчаларды ачууга жардам бере алат

Бишкек шаарынын өнүктүрүү агенттигинде балдардын билим берүү бирикмелери чөйрөсүндөгү бизнес-коомчулуктун өкүлдөрү менен Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борборунун жана Бишкектин мэриясынын тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрүнүн өкүлдөрүнүн жолугушту. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы маалымдады.

Жолугушууда мектепке чейинки билим берүү имараттарын уюштуруу жана куруу боюнча мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоору боюнча маселеси көтөрүлдү.  Бизнес-коомчулуктун өкүлдөрү өздөрүнүн кызыктырган маселелерин белгилешип, Өнүктүрүү агенттигинин жана МЖӨ борборунун жетекчилиги тарабынан мамлекеттик-жеке өнөктөштүк чөйрөсүндөгү мыйзамдар жана бекитилип берилген жер тилкелери боюнча талкуу форматында түшүндүрмөлөр берилди.

Жолугушуунун катышуучулары актуалдуу маселелерди жана долбоорду ишке ашыруунун негизги шарттарын талкуулашты. Профилдик түзүмдүк бөлүмдөр долбоорду ишке ашырууга байланышкан техникалык маселелерди тактап, Бишкек шаарынын мэриясынын мүмкүн болуучу экономикалык колдоосун белгилешти.

МЖӨ долбоорун ишке ашырууга кызыкдар болгон учурда демилгечи (потенциалдуу инвестор) ниет катын жана келечекте жеке демилге боюнча сунушту берүүгө тийиш. Мындан тышкары, жолугушуунун катышуучуларына Садыгалиев көч., 4а дарегиндеги жалпы билим берүү мекемелерин куруу үчүн жер тилкеси боюнча маалымат берилди.

Мындан тышкары окуңуз

Садыр Жапаров: Баткендин кирешеси 777 млн сомго өстү

Садыр Жапаров: Баткендин кирешеси 777 млн сомго өстү

Өлкө башчысы Садыр Жапаров бүгүн Баткен облусуна болгон иш сапарынын алкагында Сүлүктү шаарынын жана Лейлек районунун тургундары менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин администрациясы билдирди. Жолугушууда мамлекет башчысы аймактардын өнүгүүсү туруктуу өсүү менен түздөн-түз байланыштуу экенин белгиледи. "Алгач Баткен облусунун бюджети тууралуу сөз кыла кетейин. 2020-жылы жергиликтүү бюджеттин

Ишкер Media
Энергетика министри Токтогул ГЭСинин күз-кышка даярдыгын текшерди

Энергетика министри Токтогул ГЭСинин күз-кышка даярдыгын текшерди

Энергетика министри Алтынбек Рысбеков Жалал-Абад облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Токтогул ГЭСине барып, энергетикалык объектилердин күз-кыш мезгилине даярдыгын текшерди. Бул тууралуу министрликтен кабарлашты. Министр станциянын жабдууларынын учурдагы абалы, оңдоо иштери жана 2026-2027-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдык менен таанышты. Маалыматка ылайык, модернизация долбоорунун алкагында Токтогул ГЭСиндеги төрт

Ишкер Media
Кара-Кулжада жер көчкү болуп, 2 үй-бүлө эвакуацияланды

Кара-Кулжада жер көчкү болуп, 2 үй-бүлө эвакуацияланды

10-октябрда саат 14:00 чамасында Ош облусунун Кара-Кулжа районуна караштуу Тогуз-Булак айылынын Доңуз-Ой тилкесинде жер көчкү активдешкен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди. ӨКМдин маалыматына ылайык, жер көчкүнүн жаракасынын узундугу болжол менен 220 метрди, көлөмү 42 800 куб метрди түзөт. Жылыш ылдамдыгы саатына 1,1 метрди

Ишкер Media
Лейлекте 143 ишкана ачылып, 356 объект курулду

Лейлекте 143 ишкана ачылып, 356 объект курулду

Өлкө башчысы Садыр Жапаров бүгүн Баткен жана Ош облустарына болгон иш сапарынын алкагында Лейлек районунун жана Сүлүктү шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсү менен таанышты. Бул тууралуу президенттин администрациясы билдирди. Лейлек районунун акими Асылбек Женишбек 2021-2026-жылдары аткарылган иштер тууралуу маалымат берди. Анын айтымында, райондо өндүрүлгөн продукциянын көлөмү 617,8 млн

Ишкер Media