Жалал-Абадда бак-дарактарды суугаруу үчүн 3 скважина пайдаланууга берилди
Жалал-Абад шаарындагы Токтогул, Жеңиш эс алуу паркына жана Балтагулов көчөсүнө техникалык суу чыгаруучу скважина курулуп, пайдаланууга берилди. Бул тууралуу шаардык мэриясынын маалымат борбору билдирди.
Маалыматка ылайык, жогорудагы үч скважина Жалал-Абад облустук өнүктүрүү фондунун каржылоосу менен ишке киргизилди. Алдыда республикалык бюджеттен Жалал-Абад шаарын өнүктүрүүгө бөлүнгөн 2 млрд сом акча каражатынын эсебинен дагы 5 скважина курулмакчы.
Скважиналар курулганга чейин шаардагы дээрлик бардык бак-дарактар жана гүлдөр ичүүчү суу менен атайын унаалардын жана суу түтүктөрдүн жардамында сугарылып келген.