Баткенде үй курам деп миллиондорду уурдаган курулуш компаниясынын кылмыш иши тергелүүдө

Баткенде үй курам деп миллиондорду уурдаган курулуш компаниясынын кылмыш иши тергелүүдө

Баткенде үй курам деп миллиондорду уурдаган «Келечек ЛТД» курулуш компаниясы боюнча кылмыш иши тергелүүдө. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Такталгандай, Баткен шаарынын жашоочулары Баткен облустук башкармалыгына арыз менен кайрылган. Анда 2022-жылдын сентябрь айындагы Тажикстан менен Кыргызстандын куралдуу күчтөрүнүн ортосунда орун алган куралдуу кагылышууда жабыр тарткан курулуштарды калыбына келтирүү үчүн тартылган «Келечек ЛТД» курулуш компаниясы жалпы болуп 5.3 млн сомдук курулуш материалдарын алып, акчасын алдап бербей койгондугу тууралуу билдиришип, мыйзам чегинде чара көрүү жагын суранышкан.

Аталган факты боюнча 2023-жылдын май айында Баткен ОИИБдин Тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексиинин 209-беренесинин 3-бөлүмүндө (Алдамчылык) көрсөтүлгөн кылмыш белгилери менен кылмыш иши козголгон.

«Тергөө учурунда, «Келечек ЛТД» жооптуу өкүлү Ш.Н шектүү катары суракка алынып, камакка алынды. Ал эми экинчи шектүү «Келечек ЛТД»  курулуш компаниясынын өкүлү М.А. боюнча тергөө амалдары жүрүп жатат», - деп мекеме белгиледи.

Азыркы учурда аталган кылмыш ишинин алкагында келтирилген чыгымдарды өндүрүү жана мыйзам чегинде тергөө боюнча тиешелүү ыкчам иш чаралар жүрүп жатат.

Мындан тышкары окуңуз

Садыр Жапаров: Баткендин кирешеси 777 млн сомго өстү

Садыр Жапаров: Баткендин кирешеси 777 млн сомго өстү

Өлкө башчысы Садыр Жапаров бүгүн Баткен облусуна болгон иш сапарынын алкагында Сүлүктү шаарынын жана Лейлек районунун тургундары менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин администрациясы билдирди. Жолугушууда мамлекет башчысы аймактардын өнүгүүсү туруктуу өсүү менен түздөн-түз байланыштуу экенин белгиледи. "Алгач Баткен облусунун бюджети тууралуу сөз кыла кетейин. 2020-жылы жергиликтүү бюджеттин

Ишкер Media
Энергетика министри Токтогул ГЭСинин күз-кышка даярдыгын текшерди

Энергетика министри Токтогул ГЭСинин күз-кышка даярдыгын текшерди

Энергетика министри Алтынбек Рысбеков Жалал-Абад облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Токтогул ГЭСине барып, энергетикалык объектилердин күз-кыш мезгилине даярдыгын текшерди. Бул тууралуу министрликтен кабарлашты. Министр станциянын жабдууларынын учурдагы абалы, оңдоо иштери жана 2026-2027-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдык менен таанышты. Маалыматка ылайык, модернизация долбоорунун алкагында Токтогул ГЭСиндеги төрт

Ишкер Media
Кара-Кулжада жер көчкү болуп, 2 үй-бүлө эвакуацияланды

Кара-Кулжада жер көчкү болуп, 2 үй-бүлө эвакуацияланды

10-октябрда саат 14:00 чамасында Ош облусунун Кара-Кулжа районуна караштуу Тогуз-Булак айылынын Доңуз-Ой тилкесинде жер көчкү активдешкен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди. ӨКМдин маалыматына ылайык, жер көчкүнүн жаракасынын узундугу болжол менен 220 метрди, көлөмү 42 800 куб метрди түзөт. Жылыш ылдамдыгы саатына 1,1 метрди

Ишкер Media
Лейлекте 143 ишкана ачылып, 356 объект курулду

Лейлекте 143 ишкана ачылып, 356 объект курулду

Өлкө башчысы Садыр Жапаров бүгүн Баткен жана Ош облустарына болгон иш сапарынын алкагында Лейлек районунун жана Сүлүктү шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсү менен таанышты. Бул тууралуу президенттин администрациясы билдирди. Лейлек районунун акими Асылбек Женишбек 2021-2026-жылдары аткарылган иштер тууралуу маалымат берди. Анын айтымында, райондо өндүрүлгөн продукциянын көлөмү 617,8 млн

Ишкер Media