«Бишкексууканал» суу пайдалануу эрежелерин бузган 302 фактыны аныктады
Ичүүчү сууну сарамжалдуу пайдалануу жана жашыл бак-дарактарды күндүз сугаруу боюнча рейд учурунда «Бишкексууканал» ӨЭБсынын кызматкерлери борбордогу 49 миңге жакын үйлөрдү текшеришти. Текшерүүнүн жүрүшүндө 302 мыйзам бузуу аныкталган. Бул тууралуу Бишкектин мэриясы кабарлады.
«Бишкек шаарынын суу түтүктөрүн жана канализациясын пайдалануу эрежелерин» бузгандыгы үчүн суу өлчөгүчтөрү жок үй ээлеринин мыйзам бузууларына 8 миң 231.76 сом өлчөмүндө эсептелген.
Бул сезондук көйгөй жеке сектордун жашоочулары огороддорун, жеке участокторун сугарып, бассейндерди жана башка сыйымдуулуктарды толтуруп сууга активдүү киришкендигинен улам келип чыгууда.