Балыкчынын мунай базасынын заттары Ысык-Көлгө агып кетиши мүмкүн

Балыкчынын мунай базасынын заттары Ысык-Көлгө агып кетиши мүмкүн

Балыкчынын мунай базасынын заттары Ысык-Көлгө агып кетиши мүмкүн. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитетинин 19-20-июнда Ысык-Көл облусунда көчмө жыйынында белгилүү болду.

Парламенттин маалымат кызматы кабарлагандай, экологдор Ысык-Көл тарапка жер астынан мунай заттары жылжып агып, көлгө жетип калышы мүмкүн экендигин тынчсыздануу менен маалымдашты.

Жергиликтүү тургундар тарабынан бир нече жылдардан бери мунай базасын шаардын аймагынан сыртка көчүрүү маселеси көтөрүлүп келгендигин эске алып, депутаттар аталган маселе боюнча министрлер кабинетине мекемелер аралык комиссия түзүүнү сунуштоо тууралуу чечим кабыл алышты.

Мындан тышкары окуңуз

Ошто бир нече жолу мыйзам бузган курулуш компаниясынын лицензиясы токтотулду

Ошто бир нече жолу мыйзам бузган курулуш компаниясынын лицензиясы токтотулду

Ош шаарында мыйзамсыз курулуш жүргүзгөн "Алтын Строй Групп" компаниясынын лицензиясы токтотулду. Буга чейин компанияга эки жолу 200 миң сомдон айып пул салынып, материалдар укук коргоо органдарына өткөрүлгөн. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти. Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Ош шаардык башкармалыгы 7-апрелде Курманжан-Датка көчөсү, 54 дарегиндеги көп

Кыргызстанда макулатураны экспорттоого 6 айга тыюу салынды

Кыргызстанда макулатураны экспорттоого 6 айга тыюу салынды

Министрлер Кабинети регенерациялануучу кагазды жана картонду (макулатура жана калдыктар) Кыргызстандан ташып чыгууга 6 айлык мөөнөткө убактылуу тыюу салды. Тиешелүү токтомго Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду. Токтомго ылайык, ЕАЭБ ТЭИ ТН 4707 коду менен классификациялануучу регенерациялануучу кагазды жана картонду (макулатура жана калдыктар) өлкөдөн алып чыгууга убактылуу чектөө киргизилди. Тыюу

Бир катар мамлекеттик кызматкерлер сыйланышты

Бир катар мамлекеттик кызматкерлер сыйланышты

Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кесиптик майрамдарга байланыштуу Министрлер Кабинетинин Ардак грамоталарын жана Министрлер Кабинетинин төрагасынын атынан алкыштарды тапшырды. Президенттик админстрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришкендей, МинКаб төрагасы Адылбек Касымалиев кесиптик ишиндеги чоң жетишкендиктери үчүн, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлеринин күнүнө байланыштуу бир катар кызматкерлерге Министрлер Кабинетинин Ардак грамоталарын жана өзүнүн атынан

“Манас” аба майданында каттамдар жандана баштады

“Манас” аба майданында каттамдар жандана баштады

7-июлда TezJet авиакомпаниясынын Бишкек – Ош багытындагы учагы шассидеги техникалык мүчүлүштүктөн улам учууну токтоткон окуядан кийин “Манас” эл аралык аба майданынын каттамдарынын графиги өзгөрдү. “Кыргызстан аэропорттору” ишканасынын маалыматына ылайык, окуядан кийин айрым каттамдар башка аба майдандарына багытталып, кээ бирлери жокко чыгарылып же кечигүү менен аткарылууда. Маалыматка караганда, бүгүн авиакомпаниялардын көбү