Баткендиктердин социалдык төлөмдөрүнө 20%дан кошумча чегерилди

Баткендиктердин социалдык төлөмдөрүнө 20%дан кошумча чегерилди

Социалдык жактан колдоо максатында Баткен жана Лейлек районунагы 76 айыл өзгөчө статустагы аймактардын тизмесине киргизилип, анда жашаган жашоочулардын  социалдык төлөмдөрүнө 20%дан кошумча чегерүү болгон. Бул тууралуу бүгүн, 20-июндагы Жогорку Кеңештин социалдык саясат боюнча комитетинин отурумунда министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов баяндама жасады.  

Ал белгилегендей акыркы окуяда жабыркаган жарандардын турак жайы да толугу менен курулуп, пайдаланууга берилгенин кошумчалады.

Эске салсак, буга чейин депутат Дастан Бекешев Баткен облусуна кошумча 178.6 млн сом бөлүнөрүн билдирген. Анын 10.6 млн сому гана жабыр тарткан ишкерлерге жөнөтүлөт. Ал эми президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнө 168 млн сом берилет.

Мындан тышкары окуңуз

Өзбекстандын жарандары Кыргызстанда 60 күн визасыз жүрө алышат

Өзбекстандын жарандары Кыргызстанда 60 күн визасыз жүрө алышат

Өзбекстандын жарандары Кыргызстанда визасыз 60 күнгө чейин жүрө алышат. Бул тууралуу “Кызмат” мамлекеттик мекемеси билдирди. Маалыматка ылайык, өзбекстандыктар келген соң жашаган жери боюнча каттоого турууга милдеттүү. Каттоону онлайн же Калкты тейлөө борборлору аркылуу ишке ашырууга болот. “Эгерде 60 күндөн ашык калуу пландалса, виза алып, каттоону узартуу зарыл”, – деп белгилешти мекемеден.

Бишкек шаарындагы курулуп жаткан объекттер текшерилди

Бишкек шаарындагы курулуп жаткан объекттер текшерилди

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев борбор калаада жүргүзүлүп жаткан курулуш жана оңдоп-түзөө иштеринин жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти. Маалыматка ылайык, Жибек-Жолу проспектисинде шаар башчысы диаметри 600 мм болгон жаңы канализациялык коллектордун курулушун көрүп чыкты. Бул долбоор учурдагы инженердик тармактардагы жүктөмдү азайтып, алардын өткөрүмдүүлүгүн жогорулатууга мүмкүндүк

Ысык-Көлдөгү микрокредиттик агенттиктердин бирине айып пул салынды

Ысык-Көлдөгү микрокредиттик агенттиктердин бирине айып пул салынды

Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарын жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн Ысык-Көлдөгү микрокредиттик агенттиктердин бирине айып пул салынды. Улуттук банктын билдирүүсүнө караганда, Ысык-Көл областтык башкармалыгы микрокредиттик агенттикке 55 000 сом өлчөмүндө айып пул салган. 11-майга карата Улуттук банктын тийиштүү күбөлүгүн алып

Кырчын жайлоосунда жайытты тебелегендер 33 миң сом айып пул төлөдү

Кырчын жайлоосунда жайытты тебелегендер 33 миң сом айып пул төлөдү

Ысык-Көл облусунун Кырчын жайлоосунда жарандар унаалары менен өсүмдүктөрдү тебелеп, жер кыртышына зыян келтирген фактылар аныкталды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы жүргүзгөн рейддик иш-чарада мыйзам бузуу учурлары катталып, 6 жаранга протокол түзүлдү. Аларга жалпы 33 миң сом