Бишкектен Самарага авиакаттам жанданды

Бишкектен Самарага авиакаттам жанданды

2023-жылдын 11-июнунда россиялык «Урал аба жолдору» авиакомпаниясы Самара – Бишкек – Самара багыты боюнча үзгүлтүксүз каттамдарын жандандырды. Бул тууралуу «Манас» аэропортунун маалымат кызматы кабарлады.

Такталгандай, каттамдар жумасына бир жолу – ар жекшемби күндөрү аткарылат.

Аталган каттамга байланыштуу бардык суроолор боюнча  авиакомпанияга түз кайрылуу зарыл.

Мындан тышкары окуңуз

Соң-Көл жайлоосундагы мыйзамсыз курулуш үчүн 200 миң сом айып пул салынды

Соң-Көл жайлоосундагы мыйзамсыз курулуш үчүн 200 миң сом айып пул салынды

Кочкор районунун Чолпон айыл өкмөтүнө караштуу Соң-Көл жайлоосунда курулуп жаткан туристтик объектилерде бир катар мыйзам бузуу фактылары аныкталды. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Нарын региондук башкармалыгы жүргүзгөн текшерүүдө объектилер уруксат берүүчү документтерсиз курулуп

Инвестиция агенттиги эл аралык компания менен өнөктөштүктү талкуулады

Инвестиция агенттиги эл аралык компания менен өнөктөштүктү талкуулады

23-июнда Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору Равшанбек Сабиров архитектуралык долбоорлоо, инженердик чечимдер жана инфраструктуралык объектилерди өнүктүрүү багытында иш алып барган "James Cubitt & Partners" компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушту. Аталган мекеменин маалыматына ылайык, жолугушууда тараптар Кыргызстандын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүн, инвестицияларды тартуу боюнча мамлекеттик саясаттын артыкчылыктарын жана келечектеги кызматташуу багыттарын

Баткендеги селден улам админстративдик имараттарды да суу каптады

Баткендеги селден улам админстративдик имараттарды да суу каптады

22-июнда, нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен Баткен шаарынын аймагында жана Баткен районунун Самаркандек, Ак-Татыр, Суу-Башы жана Алтын-Бешик айыл аймактарында, Кадамжай районунун Орозбеков айыл аймагында сел жүрдү. Бул тууралуу Баткен облустук өкүлчүлүктөн билдиришти. Маалыматка караганда, сел сууларынын кесепетинен турак үйлөрдү, короо-жайларын, административдик имараттарды, автоунааларды, ички жолдорду жана

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин 96 кызматкери иштен четтетилди

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин 96 кызматкери иштен четтетилди

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттен мыйзамсыз иштерге аралашкан деген негизде 96 кызматкер кызматынан четтетилип, 24 кызматкерге карата кылмыш иши козголду. Бул тууралуу УКМК төрагасынын орун басары Алишер Эрбаев 23-июндагы Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди. Жыйындын жүрүшүндө эл өкүлү Элвира Сурабалдиева "атайын кызмат жемкорлукка тиешеси бар кызматкерлерден тазаланып жатабы?"