Баткендеги селден улам админстративдик имараттарды да суу каптады

Баткендеги селден улам админстративдик имараттарды да суу каптады

 22-июнда, нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен Баткен шаарынын аймагында жана Баткен районунун Самаркандек, Ак-Татыр, Суу-Башы жана Алтын-Бешик айыл аймактарында, Кадамжай районунун Орозбеков айыл аймагында сел жүрдү. Бул тууралуу Баткен облустук өкүлчүлүктөн билдиришти.

Маалыматка караганда, сел сууларынын кесепетинен турак үйлөрдү, короо-жайларын, административдик имараттарды, автоунааларды, ички жолдорду жана бир катар коммерциялык объектилерди суу каптап, материалдык чыгым келтирди. Айрым жерлерде электр энергиясы үзгүлтүккө учурады. Кээ бир жол каттамдары жабылды.

Учурда президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Мамыржан Рахимовдун жетекчилиги алдында, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин күчтөрү, жарандык коргонуу кызматтары жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү тарабынан селдин кесепеттерин жоюу, аймактарды тазалоо жана келтирилген чыгымдарды тактоо иштери жүргүзүлүүдө.

Алдын ала маалыматтар боюнча, адам өмүрүнө зыян келген жок. Келтирилген материалдык чыгымдардын көлөмү такталууда. Абал тиешелүү мамлекеттик органдардын көзөмөлүндө.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

10 айда Салык кызматы 288,5 млрд сом, Бажы кызматы 155,6 млрд сом чогултту

Бир жумада сасык тумоо жана КРВИнин 10,9 миң учуру катталды

БУУнун СЕФАКТ форумунда транзиттик коридорлорду санариптештирүү маселеси талкууланды

Кыргызгидромет: шашылыш билдирүү

Ошто мыйзамсыз курулуп жаткан кафенин ээсине 200 миң сом айып салынды