Чолпон-Атанын пляждарындагы тосмолордун дээрлик 90% алынды
Ысык-Көл облусунун калктуу конуштарынын тургундарынын пляж аймактарына кирүү укугун камсыз кылуу жөнүндө жарлыктын негизинде Чолпон-Ата шаарындагы пляждардагы тосмолор алынууда. Бул тууралуу Президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгү кабарлады.
Эскерте кетсек, президент Садыр Жапаров «КРнын президентинин 2022-жылдын 13-майындагы № 150 «Ысык-Көл облусунун калктуу конуштарынын тургундарынын пляж аймактарына кирүү укугун камсыз кылуу жөнүндө» жарлыгына өзгөртүү киргизүү тууралуу» жарлыкка кол койгон.
Киргизилген өзгөртүүлөрдө Ысык-Көлдүн пляж аймактарына жарандардын эркин кирүүсүнө тоскоол болгон пляж аймактарында жайгашкан тосмолорду (дубалдарды, торчолорду, темир торлорду) демонтаждоо каралган, ошондой эле аларды мындан ары курууга тыюу салынат.