Ош облусунда 51 тонна күйүүчү майды мыйзамсыз сактоо фактысы аныкталды

Ош облусунда 51 тонна күйүүчү майды мыйзамсыз сактоо фактысы аныкталды

Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери Ош облусунун Кара-Суу районунда жайгашкан май куюучу жайдын аймагынан күйүүчү майды мыйзамсыз жүгүртүү, сактоо, ташуу жана сатуу фактыларын аныкташты. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы кабарлады.

Алсак, дизель майын ташыган жүк ташуучу унаадагы пломбаларды өз эрки менен алып салуу, цистерналардагы салык органы койгон контролдук пломбалардын бузуу фактысы аныкталган. Ошондой эле күйүүчү майга тиешелүү документтер болгон эмес.

«Жалпы көлөмү 51 миң 893 литр мыйзамсыз күйүүчү май табылып, тартып алынды. Анын ичинен унаанын резервуарында 7 миң литр, май куюучу жайлардагы цистернада (пломбалары жулуп алынган) 32 миң 838 литр жана контролдук пломбалары жок өзүнчө цистернада 12 миң 55 литр болгон», - деп тактады кызмат.

Учурда аталган факты боюнча андан аркы иш-чаралар жүргүзүлүүдө. Материалдар юридикалык баа берүү үчүн прокуратурага берилет.

Мындан тышкары окуңуз

Садыр Жапаров: Баткендин кирешеси 777 млн сомго өстү

Садыр Жапаров: Баткендин кирешеси 777 млн сомго өстү

Өлкө башчысы Садыр Жапаров бүгүн Баткен облусуна болгон иш сапарынын алкагында Сүлүктү шаарынын жана Лейлек районунун тургундары менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин администрациясы билдирди. Жолугушууда мамлекет башчысы аймактардын өнүгүүсү туруктуу өсүү менен түздөн-түз байланыштуу экенин белгиледи. "Алгач Баткен облусунун бюджети тууралуу сөз кыла кетейин. 2020-жылы жергиликтүү бюджеттин

Ишкер Media
Энергетика министри Токтогул ГЭСинин күз-кышка даярдыгын текшерди

Энергетика министри Токтогул ГЭСинин күз-кышка даярдыгын текшерди

Энергетика министри Алтынбек Рысбеков Жалал-Абад облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Токтогул ГЭСине барып, энергетикалык объектилердин күз-кыш мезгилине даярдыгын текшерди. Бул тууралуу министрликтен кабарлашты. Министр станциянын жабдууларынын учурдагы абалы, оңдоо иштери жана 2026-2027-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдык менен таанышты. Маалыматка ылайык, модернизация долбоорунун алкагында Токтогул ГЭСиндеги төрт

Ишкер Media
Кара-Кулжада жер көчкү болуп, 2 үй-бүлө эвакуацияланды

Кара-Кулжада жер көчкү болуп, 2 үй-бүлө эвакуацияланды

10-октябрда саат 14:00 чамасында Ош облусунун Кара-Кулжа районуна караштуу Тогуз-Булак айылынын Доңуз-Ой тилкесинде жер көчкү активдешкен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди. ӨКМдин маалыматына ылайык, жер көчкүнүн жаракасынын узундугу болжол менен 220 метрди, көлөмү 42 800 куб метрди түзөт. Жылыш ылдамдыгы саатына 1,1 метрди

Ишкер Media
Лейлекте 143 ишкана ачылып, 356 объект курулду

Лейлекте 143 ишкана ачылып, 356 объект курулду

Өлкө башчысы Садыр Жапаров бүгүн Баткен жана Ош облустарына болгон иш сапарынын алкагында Лейлек районунун жана Сүлүктү шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсү менен таанышты. Бул тууралуу президенттин администрациясы билдирди. Лейлек районунун акими Асылбек Женишбек 2021-2026-жылдары аткарылган иштер тууралуу маалымат берди. Анын айтымында, райондо өндүрүлгөн продукциянын көлөмү 617,8 млн

Ишкер Media