Депутаттар банктык аманаттарды коргоо жөнүндөнү мыйзамды биринчи окууда колдошту
Бүгүн, 22-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында «Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө» мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору биринчи окууда каралды. Бул тууралуу ЖК маалымат кызматы маалымдады.
Такталгандай, мыйзам долбоорун депутаттарга Депозиттерди коргоо боюнча агенттигинин аткаруучу директору Кадырбек Букуев тааныштырды.
Мыйзам долбоорунда ээси жеке адамдар, жеке ишкерлер болуп саналган, банк тарабынан эмитирленген электрондук акчаны аманаттын аныктамасына кошуу аркылуу депозиттерди камсыздандыруу чөйрөсүн кеңейтүү каралат. Ошондой эле аманатчылардын компенсациялык төлөмдөрдү ыкчам алуусун камсыз кылуу процесстерин жакшыртуу максатында, көзөмөлдөө органы тарабынан лицензияны кайтарып алууну кепилдик учур катары аныктоо сунушталат.
Жыйынтыгында депутаттар аталган мыйзам долбоорун биринчи окууда колдоого алышты.