Ноокаттын жолун салуусу күчөтүлдү – иштерге жаңы техникалар жардам берет

Ноокаттын жолун салуусу күчөтүлдү – иштерге жаңы техникалар жардам берет

Жолдорду куруу, оңдоо жана тазалоо үчүн сатып алынган атайын техникалардын бир бөлүгү Ноокаттын жолун салууга жеткирилди. Бул тууралуу Трансопрт министрлиги билдирди.

Министрликтин маалыматына ылайык, учурда жеринде иш кызуу жүрүп жатат. Аткарылып жаткан ар бир жумуш Транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаевдин жеке көзөмөлүндө турат.

Узап кеткен апта аягында да ведомство жетекчиси Ош-Баткен — Раззаков унаа жолуна барып, курулушун иштеринин жүрүшү менен жеринен таанышкан. Жумушчулар, техникалар өз ордунда иш алып барып жатканына күбө болгон министр жол тейлөө мекемелеринин жетекчилери менен сүйлөшүп, тиешелүү тапшырмаларды берген.

Read more

Талас облусунда таштандыларды сорттоочу ишкана ачылды. Долбоорду «Альянс Алтын» компаниясы колдоду

Талас облусунда таштандыларды сорттоочу ишкана ачылды. Долбоорду «Альянс Алтын» компаниясы колдоду

Талас облусунун Шумкар-Уя айыл өкмөтүндө таштандыларды сорттоочу ишкана ачылды. Бул тууралуу Талас облусундагы президенттин ыйгарым укуктуу өкүлдүн аппаратынан билдиришти. Шумкар-Уя айыл өкмөтүнүн аймагында аянты 1,5 гектарды түзгөн «Шумкар» ишканасы курулган. Жергиликтүү бийлик ишкана аймактагы экологиялык абалды жакшыртууга жардам берип, күнүнө 10-15 тонна таштандыны кайра иштетет деген ишенимде. Айыл өкмөтүнүн

«Альянс Алтын» мамлекеттик бюджетке салык төлөмдөрү боюнча рекорд койду

«Альянс Алтын» мамлекеттик бюджетке салык төлөмдөрү боюнча рекорд койду

«Альянс Алтын» компаниясы 2024-жылдын башынан бери 7.48 млрд сом төлөп, мамлекеттик бюджетке салык төлөмдөрү боюнча жаңы рекорд койду. Бул тууралуу компаниянын басма сөз кызматы билдирди. Тоо-кен компаниясында белгиленгендей, 2023-жылы «Альянс Алтын» рекорддук көрсөткүчтү 4,4 тонна алтын өндүргөн, бул өткөн жылдардагы көрсөткүчтөрдөн бир топ жогору. Ошол эле учурда салык

Жыл башынан бери «Альянс Алтындын» салык төлөмдөрү 6.2 млрд сомду түздү

Жыл башынан бери «Альянс Алтындын» салык төлөмдөрү 6.2 млрд сомду түздү

2024-жылдын январь-сентябрь айларында Жерүй кенин иштетип жаткан «Альянс Алтын» кен казуучу компаниясы бюджетти дээрлик 6.2 млрд сомго толуктаган. Сентябрь айында салык төлөмдөрү 767 млн сомдон ашты. Бул тууралуу компания Economist.kgге билдирди. «Альянс Алтын» белгилегендей, алтынды сатуудан түшкөн салык отчеттук мезгилде дээрлик 5 млрд сомго жеткен. Ал эми сентябрь

«Альянс Алтын» компаниясы Кыргызстандагы ТОП-5 мыкты ишканалардын катарына кирди

«Альянс Алтын» компаниясы Кыргызстандагы ТОП-5 мыкты ишканалардын катарына кирди

«Альянс Алтын» тоо-кен казуучу компаниясы Кыргызстандагы ТОП-5 мыкты ишканалардын катарына кирди. Рейтинг Улуттук статистика комитетинин расмий сайтында жарыяланды. Мекеменин маалыматы боюнча, ишкана престиждүү республикалык көрсөткүчтө төртүнчү орунду ээлеген. «Альянс Алтын» белгилегендей, бул жетишкендик компаниянын тоо-кен тармагын өнүктүрүүгө умтулуусу жана өлкөнүн экономикасына жигердүү салымынын аркасында мүмкүн болду.