Эмгек министрлиги Ысык-Көлдө социалдык келишимдин аткарылышын текшерди

Эмгек министрлиги Ысык-Көлдө социалдык келишимдин аткарылышын текшерди

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Жылдыз Полотова Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы социалдык келишимдин аткарылышы менен таанышты. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы билдирди.

Такталгандай, Ысык-Көл облусунда быйылкы жылы мамлекет тарабынан аз камсыз болгон 794 үй-бүлөгө 100 миң сом берилди, анын ичинен  256сы Ак-Суу районунда жашайт. Алардын көбү айыл чарба тармагындагы долбоорлорду ишке ашырып келишет.  

Мисалы, төрт баланын атасы Бектур уулу Нурдин мал сатып алды. Алты баланын апасы Элиза Чолпонбаева дагы ошондой кылды. Азыр сүт, айран, каймак тартуулашат.

«Ал эми Айжан Эмилова кулпунай өстүрө баштаган. Ал азыртан отургузуу аянтын кеңейтүүдө. Тапкан акчасына жана жакындарынын жардамы менен боз үй сатып алып, эс алуучулар үчүн эс алуу жайларын ачкандар бар. Алардын бири беш баланын энеси Гүлкайыр Мадатова. Алган 100 миң сомго дагы бир үй-бүлө алгач тигүүчү машина сатып алган. Алган кирешеге дагы 2 тигүүчү машинка сатып алып, 2 жумушчуну жалдады. Учурда тигүүчүлүктөн ай сайын түшкөн киреше 30 миң сомдон ашат», - деди Полотова.

«Социалдык контракт» долбоору аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө ар тараптуу колдоо жана жардам көрсөтүүгө багытталган Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин флагмандык демилгеси болуп саналат. Долбоордун максаты - үй-бүлөлөрдүн татыктуу жашоосу үчүн шарттарды түзүү, социалдык жактан коргоо жана алардын жашоо сапатын жогорулатуу.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы авиакаттамдардын графиги өзгөрдү

Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы авиакаттамдардын графиги өзгөрдү

Москвада “Ковер” планы киргизилгенине байланыштуу Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы айрым авиакаттамдардын графиги өзгөрдү. Бул тууралуу “Кыргызстандын аэропорттору” ААКнын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, “Авиатрафик” авиакомпаниясынын Бишкек – Москва багыты боюнча YK883 каттамы Нижний Новгород шаарындагы аэродромго багытталды. Ошондой эле Бишкектен Москвага учуп бара жаткан К91701 каттамы да ошол жерге конду.

Түндүк – Түштүк жолуна жол тейлөө пункттары курулууда

Түндүк – Түштүк жолуна жол тейлөө пункттары курулууда

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, Түндүк –Түштүк жолундагы трассанын үч тилкесинде заманбап жол тейлөө базалары курулууда. Учурда Кызарт белиндеги жол тейлөө базасынын дубалдары тургузулуп, объект таза суу жана интернет байланышы менен камсыздалды. Бул жерде кызматкерлердин үзгүлтүксүз иш алып баруусу үчүн зарыл болгон шарттар түзүлүүдө. Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынын

Улуттук банк валюта рыногунун бир нече оюнчусуна карата чара колдонду

Улуттук банк валюта рыногунун бир нече оюнчусуна карата чара колдонду

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы мыйзам талаптарын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларын бузгандыгы үчүн Бишкек шаарындагы «Алим Финанс Групп» алмашуу бюросу ЖЧКсынын лицензиясынын аракетин убактылуу токтотту. Мындан тышкары, Бишкек шаарында Улуттук банктын лицензиясы жок накталай чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүп жүргөн төрт жаранга (А.Т.К., Д.у.

Ак-Суу районунун акиминин мурдагы орун басары кармалды

Ак-Суу районунун акиминин мурдагы орун басары кармалды

УКМК тарабынан кылмыш ишин иликтөөнүн алкагында Ысык-Көл облусунун аймагында кум-шагыл аралашмасын жана кумдуу чопону казып алууга күбөлүктөрдү берүүдө мыйзам бузуулар аныкталды. Бул тууралуу атайын кызматтан билдирди. Маалыматка таянсак, айрым кызмат адамдары мыйзам талаптарын бузуу менен күбөлүктөрдү берүү жөнүндө чечимдерди кабыл алышкан. Аталган күбөлүктөрдүн негизинде жер казынасын пайдаланууга уруксат