Нарында эң чоң шырдак 400 миң сомго сатылды

Нарында эң чоң шырдак 400 миң сомго сатылды

Нарында өткөрүлгөн «Кыргыз шырдагы XIII» эл аралык фестивалында Казакстандан келген коноктор эң чоң шырдакты 400 миң сомго сатып алды. Бул тууралуу президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Ошондой эле, фестивалдын алкагында туристтер үчүн Салкын-Төр эс алуу аймагына промо-тур уюштурулду. Конокторго «Бай-Төр» ресторанынын ашпозчулары «таш кордо» улуттук тамагынын даярдалышын мастер-класс кылып көрсөтүп беришти. Даярдалып, аукционго коюлган «таш-кордону» 300 долларга Япониянын Кыргызстандагы элчиси Хидеки Года мырза сатып алды.

Эске салсак, фестивалга Япония, Өзбекстан, Казакстан мамлекеттеринин элчилери, бир катар эл аралык уюмдардын өкүлдөрү келди.

Иш чарага 1000ден ашык адам катышса, алардын 170и чет элдик туристтер болду.

Мындан тышкары окуңуз

Жолду оңдоо иштеринде курулуш нормаларын бузган ишканага айып пул салынды

Жолду оңдоо иштеринде курулуш нормаларын бузган ишканага айып пул салынды

Жалал-Абад облусундагы Үч-Терек – Жетиген жолунун оңдоо иштеринде курулуш нормаларынын бузулушу аныкталды. Бул тууралуу Курулуш министрлигинин маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Мамлекеттик архитектуралык-курулуш көзөмөл департаменти жолдун оңдоо иштерин текшерип, лабораториялык анализ үчүн үлгүлөрдү алган. Изилдөөнүн жыйынтыгында бир катар мыйзам бузуулар аныкталган. Тактап айтканда, айрым жерлерде асфальт бетон негизсиз

Мыйзамсыз курулуш жүргүзгөн ишканаларга 1 млн сомдон ашык айып пул салынды

Мыйзамсыз курулуш жүргүзгөн ишканаларга 1 млн сомдон ашык айып пул салынды

Мамлекеттик архитектура-курулуш көзөмөлдөө департаментинин Ысык-Көл аймактык башкармалыгы тарабынан Чолпон-Ата шаарында жүргүзүлгөн көзөмөлдөө иш-чараларынын жүрүшүндө бир катар коомдук тамактануу объектилеринде, конок үйлөрдө жана май куюучу жайда мыйзам бузуулар аныкталды. Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин маалыматына ылайык, объектилерде курулуш иштери уруксат берүүчү документтерсиз жүргүзүлүп, курулуш

Кыргызстан менен Түркия шаар куруу жаатында кызматташат

Кыргызстан менен Түркия шаар куруу жаатында кызматташат

18-июнда Анкара шаарында Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев менен Түркиянын айлана-чөйрө, шаар куруу жана климаттын өзгөрүшү министри Мурат Курумдун эки тараптуу жолугушуусу болуп өттү. Курулуш минисрлигинин маалыматына ылайык, жолугушуунун негизги жыйынтыгы катары Кыргызстандын Министрлер Кабинети менен Түркия өкмөтүнүн ортосунда Шаар куруу жаатында кызматташуу

ИИМ эмгек миграциясы боюнча чараларды күчөтүү демилгесин көтөрдү

ИИМ эмгек миграциясы боюнча чараларды күчөтүү демилгесин көтөрдү

Ички иштер министрлиги эмгек миграциясы чөйрөсүндөгү мыйзам бузууларга карата жоопкерчиликти күчөтүүгө багытталган мыйзам долбоорун коомдук талкууга чыгарды. Документте чет өлкөдө жарандарды мыйзамсыз жумушка орноштурган учурлар үчүн айып пулдарды көбөйтүү жана чет элдик эмгек күчүн мыйзамсыз тартууга карата жаза чараларын катаалдаштыруу каралган. Маалыматка ылайык, 2023-жылы чет элдик жумушчу күчүн мыйзамсыз