«Арча-Бешик» конушунун абоненттеринин суу үчүн төлөмү кайра эсептелди

«Арча-Бешик» конушунун абоненттеринин суу үчүн төлөмү кайра эсептелди

Июнь айында «Бишкексууканал» ӨЭБсы «Арча-Бешик» жаңы конушунун 5504 абонентинин убактылуу ичүүчү суусу жок болгон мезгили үчүн төлөмдөрүн кайра эсептеп чыкты. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Бул кайра эсептөө иштери абоненттердин сууга жана саркынды сууга ай сайын төлөнүүчү төлөмдү, дебитордук карызды жана кайра эсептөө жөнүндө маалыматты камтыган  квитанцияларды берүү жолу менен жүргүзүлгөн.

5 504 абоненттин ичинен 1 400ү чарбалык тилкелерди түнкү сугаруу кызматына төлөшкөн. Бул каражаттар муздак суу жана канализация үчүн келечектеги абоненттик төлөмдөргө которулат.
Эгерде абоненттердин суроолору болсо же кошумча маалымат алууну каалашса, 1533 кыска номуруна кайрылууга болот.

Маалымат: «Арча-Бешик» конушунда 7072 абонент жашайт.  Кайра эсептөө 5504 абонентке жүргүзүлгөн. Ал эми калган 1568 абонентке ичүүчү сууга чектөө киргизилген эмес.

Мындан тышкары окуңуз

“Коопсуз өлкө”: Кыргызстанда 20 миңден ашык видеобайкоо камералары орнотулууда

“Коопсуз өлкө”: Кыргызстанда 20 миңден ашык видеобайкоо камералары орнотулууда

Кыргызстанда коомдук коопсуздукту камсыз кылуу, кылмыштарды жана укук бузууларды ыкчам аныктоо, ошондой эле жол кыймылынын эрежелеринин сакталышын көзөмөлдөө максатында заманбап технологияларды колдонуу кеңейтилүүдө. Азыркы тапта “Коопсуз өлкө” долбоорунун алкагында өлкө боюнча 20 миңден ашык видеобайкоо камерасын орнотуу иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты. Маалыматка

Ишкер Media
Садыр Жапаров: Чүй облусун өнүктүрүүгө 10 млрд сом бөлүндү

Садыр Жапаров: Чүй облусун өнүктүрүүгө 10 млрд сом бөлүндү

Бүгүн президент Садыр Жапаров Чүй облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарага катышты. Мамлекет башчысы маараке өткөн тарыхты эскерүү менен гана чектелбестен, келечекке жаңы максаттарды коюуга түрткү бериши керектигин белгиледи. Президенттин айтымында, Чүй облусу өлкөнүн социалдык-экономикалык жана коомдук-саясий өнүгүүсүндө өзгөчө орунду ээлейт. Аймак мамлекеттүүлүктүн калыптанышында, азык-түлүк

Ишкер Media
Мамлекеттик бажы кызматында жетекчи алмашты

Мамлекеттик бажы кызматында жетекчи алмашты

Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Алмаз Салиев кызматынан бошотулду. Тиешелүү жарлыкка өлкө башчысы Садыр Жапаров кол койгонун президенттик администрациядан билдиришти. Салиев бажы органдарындагы кызматын 2003-жылдын майында баштаган. 2025-жылдын 19-февралында Министрлер кабинетинин тескемеси менен Бажы кызматынын төрагасы болуп дайындалган. 2026-жылдын май айында ага "Бажы кызматынын генерал-майору&

Ишкер Media
50 миң сомго жасалма iPhone саткан жаран кармалды

50 миң сомго жасалма iPhone саткан жаран кармалды

Аламүдүн районунда телефон сатуудагы алдамчылыкка шектелип 42 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, 1-октябрда Ж.Э. аттуу жаран милицияга кайрылган. Анын айтымында, белгисиз адам ишенимине кирип, 50 миң сомго iPhone 17 Pro Max саткан, бирок кийин ал жасалма

Ишкер Media