Салык кызматы 1-июлда Ала-Тоо аянтына келген көрүүчүлөр үчүн гана кошумча 15 смартфон ойнотот

Салык кызматы 1-июлда Ала-Тоо аянтына келген көрүүчүлөр үчүн гана кошумча 15 смартфон ойнотот

1-июлда Ала-Тоо аянтында Салык кызматынын «Чек талап кылып, байге утуп ал!» лотереясынын эң чоң утушу өтөт. Бул тууралуу мекеме эскертти.

Бул күнү 13 башкы байге – 10 электромобиль жана чет өлкөгө 3 жолдомо ойнотулат.

Ошондой эле, башкы байгелерди ойнотуунун жүрүшүндө аянттагы көрүүчүлөр үчүн гана кошумча 15 смартфон ойнотулат. Бул иш-чарага келгендердин бардыгы үчүн өз бактысын сынап, стилдүү гаджетти утуп алууга мүмкүнчүлүк жаралууда.

Иш-чара саат 19:00дө башталат. 20.00дөн тартып утуштар УТРКда, ошондой эле Салык кызматынын Facebook жана YouTube баракчаларында түз алып көрсөтүлөт.

Мындан тышкары окуңуз

“Коопсуз өлкө”: Кыргызстанда 20 миңден ашык видеобайкоо камералары орнотулууда

“Коопсуз өлкө”: Кыргызстанда 20 миңден ашык видеобайкоо камералары орнотулууда

Кыргызстанда коомдук коопсуздукту камсыз кылуу, кылмыштарды жана укук бузууларды ыкчам аныктоо, ошондой эле жол кыймылынын эрежелеринин сакталышын көзөмөлдөө максатында заманбап технологияларды колдонуу кеңейтилүүдө. Азыркы тапта “Коопсуз өлкө” долбоорунун алкагында өлкө боюнча 20 миңден ашык видеобайкоо камерасын орнотуу иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты. Маалыматка

Ишкер Media
Садыр Жапаров: Чүй облусун өнүктүрүүгө 10 млрд сом бөлүндү

Садыр Жапаров: Чүй облусун өнүктүрүүгө 10 млрд сом бөлүндү

Бүгүн президент Садыр Жапаров Чүй облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарага катышты. Мамлекет башчысы маараке өткөн тарыхты эскерүү менен гана чектелбестен, келечекке жаңы максаттарды коюуга түрткү бериши керектигин белгиледи. Президенттин айтымында, Чүй облусу өлкөнүн социалдык-экономикалык жана коомдук-саясий өнүгүүсүндө өзгөчө орунду ээлейт. Аймак мамлекеттүүлүктүн калыптанышында, азык-түлүк

Ишкер Media
Мамлекеттик бажы кызматында жетекчи алмашты

Мамлекеттик бажы кызматында жетекчи алмашты

Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Алмаз Салиев кызматынан бошотулду. Тиешелүү жарлыкка өлкө башчысы Садыр Жапаров кол койгонун президенттик администрациядан билдиришти. Салиев бажы органдарындагы кызматын 2003-жылдын майында баштаган. 2025-жылдын 19-февралында Министрлер кабинетинин тескемеси менен Бажы кызматынын төрагасы болуп дайындалган. 2026-жылдын май айында ага "Бажы кызматынын генерал-майору&

Ишкер Media
50 миң сомго жасалма iPhone саткан жаран кармалды

50 миң сомго жасалма iPhone саткан жаран кармалды

Аламүдүн районунда телефон сатуудагы алдамчылыкка шектелип 42 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, 1-октябрда Ж.Э. аттуу жаран милицияга кайрылган. Анын айтымында, белгисиз адам ишенимине кирип, 50 миң сомго iPhone 17 Pro Max саткан, бирок кийин ал жасалма

Ишкер Media