Кочкордогу токой чарбада 5400 түп көчөт жабык тамыр системасы менен өстүрүлдү
Кочкор токой чарбасында Ага Хан фондунун колдоосу менен 210 миң сомго 5400 түп ар кандай дарактардын көчөттөрү жабык тамыр системасы менен өстүрүлдү. Бул тууралуу бүгүн Токой кызматынан билдирди.
Билдирүүгө караганда, алардын катарында 2000 кадимки карагай, 1500 даана тикендүү карагай, 900 даана четин жана 1000 даана кайың бар.
Көчөттөрдүн баары уруктан өстүрүлгөн.
Жабык тамыр системасынын артыкчылыгы — көчөттү отургузууда тамыры жабыркабайт жана анын жерге тез көнүп, жакшы өсүп кетишине шарт түзүлөт.
Мындай ыкма менен көчөт өстүрүү токой чарбаларында сапаттуу көчөттөрдү көбөйтүүгө жана аймактарды жашылдандырууга жакшы мүмкүнчүлүк түзөт.
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда
Каналга катталуу