Базар-Коргондо наркы 28,8 миллион сомдук бала бакча курулууда
Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы Чоң-Курулуш айылында заманбап бала бакча курулууда. Бул тууралуу Курулуш министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.
Долбоор республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, объекттин жалпы наркы 28,8 миллион сомду түзөт.
Билдирүүгө караганда, бала бакча 50 орунга ылайыкталган.
Имараттын жалпы аянты 369 чарчы метрди түзөт. Анда балдар үчүн ыңгайлуу шарттар каралган.
Бүгүнкү күндө объекттин курулушу 70 пайызга аткарылды.
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда
Каналга катталуу