Транспорт министринин орун басары үйүнүн тосмосун бузду – видео

Транспорт министринин орун басары үйүнүн тосмосун бузду – видео

Транспорт министринин орун басары Акуналы Досалиевдин үйүнүн тосмосун бузду. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы билдирди.

Эске салсак, Бишкектин Арча-Бешик конушунда Эр-Тайлак көчөсүндөгү курулуш иштери жүрүп жатат. Бирок көчөдөгү үйлөрдүн биринин тосмосу түз эле тротуар өтүүчү жерди ээлеп калган, ошондуктан тротуарды төшөө иштерин бүтүрүү мүмкүн эмес.

Бул үй транспорт министринин орун басары Акуналы Досалиевге таандык экенин тастыктаган расмий документтер редакциянын колунда бар.

«Орун басарымдын үйүнүн забору өз каалоосу менен бузулду. Ал көчөдө 40 ашык үйдүн забору бузулуптур. Мыйзам баарына бирдей! Биз үчүн ар бир кызматкердин жоопкерчилиги маанилүү», - деп министр өзүнүн баракчасында жазып чыкты.

Мындан тышкары окуңуз

Балдардын баасы 5.0: курьерлер жана айдоочулар Family Day майрамын белгилешти

Балдардын баасы 5.0: курьерлер жана айдоочулар Family Day майрамын белгилешти

Июндун ишемби күнү, Бишкектин Дордой стадионун таңы балдардын жандуу күлкүсү менен башталды. Адатта, бул адамдар бири-бирин үстүртөн карап, жолдун кесилишинде унаанын арткы күзгүсүнөн же шаардык кафелерде буйрутма алып кетүүгө келгенде, ар бир мүнөт кымбат кезде көрүшөт. Бирок бул күнү айдоочу, курьер жана “Яндекс Кыргызстандын” кызматкерлери өздөрүн ата-эне, күйөө

Батумиде шайлоодогу маалыматтык коопсуздук маселелери каралууда

Батумиде шайлоодогу маалыматтык коопсуздук маселелери каралууда

17–18-июнь күндөрү Грузиянын Батуми шаарында шайлоону башкаруу органдарынын жыйыны өтүүдө. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, иш-чарага дүйнөнүн ар кыл өлкөлөрүнөн шайлоо органдарынын өкүлдөрү, эл аралык уюмдардын адистери катышууда. Кыргызстандан БШКнын басма сөз катчысы Наргиза Мансурова-Ябута жана эл аралык кызматташтык жана шайлоо процессинин катышуучулары

Караколдогу сейил бак оңдоп-түзөөдөн өтүүдө

Караколдогу сейил бак оңдоп-түзөөдөн өтүүдө

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын алкагында Каракол шаарындагы 100 жылдык тарыхы бар А.Пушкин атындагы борбордук сейил бакты оңдоп-түзөө иштеринин жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, жалпы аянты 7,5 гектарды

Нарында саркынды суу тазалоо жайынын курулушу башталды

Нарында саркынды суу тазалоо жайынын курулушу башталды

“Нарын шаарында таза суу менен камсыздоо жана канализация системасын ишке ашыруу” долбоорунун II фазасынын алкагында жаңы саркынды суу тазалоо жайынын курулушуна капсула салынды. Бул тууралуу Нарын шаардык мэриясынын маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Нарын шаары үчүн өзгөчө маанилүү санитардык-экологиялык мыкты шарт түзүүчү обьектинин курулушун баштоо салтанатына Министрлер Кабинетинин Төрагасынын