Оштун 225-кварталында жаңы социалдык имараттардын курулушу аяктады

Оштун 225-кварталында жаңы социалдык имараттардын курулушу аяктады

Ош шаарынын 225-кварталында жаңы фельдшердик-акушердик пунктунун (ФАП), окуу борборунун жана мечиттин курулушу аяктады. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясы кабарлады.

Маалыматка ылайык, социалдык курулуштар менен Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов жеринен таанышты.

Калаа башчысы тиешелүү кызматтарга, аталган имараттарды курган «Ассанабил» кайрымдуулук фондунун өкүлдөрүнө документтерди даярдоодо көмөк көрсөтүү тапшырмасын берди.

Белгилей кетсек, 1.5 жылдын ичинде курулуп бүткөн имараттардын жалпы аянты 400 квадрат метрден ашат. Мында шаардын муниципалдык кызматтары тарабынан көрктөндүрүү жана жашылдандыруу боюнча иштер жүргүзүлмөкчү.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкекте муниципалдык кызматтарга жаңы техника тапшырылды

Бишкекте муниципалдык кызматтарга жаңы техника тапшырылды

Бүгүн Бишкек шаарынын күнүн белгилөөнүн алкагында мэриянын алдында муниципалдык түзүмдөргө жаңы кызматтык техникаларды тапшыруу аземи өттү. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Муниципалитеттин маалыматына ылайык, иш-чарада шаар мэри Айбек Джунушалиев 11 даана Chevrolet Cobalt үлгүсүндөгү кызматтык автоунаанын ачкычтарын тапшырып, ошондой эле шаардык кызматтардын мобилдүүлүгүн жогорулатуу максатында 10 заманбап электровелосипедди берди. Мэр борбор

Улуттук банк банктардын чет өлкөдөгү ишин кеңейтүүгө багытталган өзгөртүүлөрдү коомдук талкууга сунуштады

Улуттук банк банктардын чет өлкөдөгү ишин кеңейтүүгө багытталган өзгөртүүлөрдү коомдук талкууга сунуштады

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы айрым ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунуштап, тиешелүү токтом долбоорун коомдук талкууга чыгарды. Демилге өлкөдөгү коммерциялык банктардын чет өлкөдөгү филиалдары аркылуу ишин өркүндөтүп, финансылык туруктуулугун жана банктык көзөмөлдүн тийиштүү деңгээлин сактоо менен эл аралык каржы рыногунда атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга багытталган.  Улуттук банктын маалыматына ылайык, өзгөртүүлөр Президенттин

АКШ Иран мунайын иштеткен Кытай компанияларына эскертүү берди

АКШ Иран мунайын иштеткен Кытай компанияларына эскертүү берди

АКШнын Финансы министрлиги Кытайда жайгашкан көз карандысыз мунай иштетүүчү заводдор, асыресе Шаньдун провинциясындагы ишканалар Ирандын чийки мунайын импорттоодогу ролу үчүн санкцияларга кабылышы ыктымалдыгын эскертти. Министрликтин маалыматына караганда, Кытай Ирандын мунай экспортунун дээрлик 90%ын алат. Анын басымдуусу ошол чакан заводдор тарабынан кайра иштетилип, Тегерандын кирешесине салым кошот. “Ошол киреше акыр-аягында

Аксыда селдин кесепетинен жабылган жолдун бир тарабы ачылды

Аксыда селдин кесепетинен жабылган жолдун бир тарабы ачылды

Аксы районундагы Кара-Жыгач — Кара-Суу унаа жолунун бир тарабы ачылды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти. Түндөгү катуу жааган жаандан улам сел жолду толук бөгөп калган. Жолдун 9 жерин чоң сел алган. Таңдан бери жеринде "Кыргызавтожол-Түштүк" МИнин Nº12 Жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери иштеп, жамгырдан кийинки табигый кырсыктарды жоюу