Жалал-Абаддын борбордук көчөсү эки эсе кеңейтилет – куруу иштери башталды
Жалал-Абад шаарындагы Калил Назаров көчөсүн реконструкциялоо иши башталды. Бул тууралуу шаардык мэриясынын маалымат борбору билдирди.
Маалыматка ылайык, курулуш иштери башталды. Аталган көчөнүн жолунун учурдагы унаалар жүрүүчү негизги бөлүгү 8 метр. Долбоор боюнча ал 19 метрге кеңейтилип, 6 катар унаа жүргөнгө шарт түзүлөт.
«Мындан сырткары, жолдун бир тарабына веложолу менен кеңдиги 3.5 метрди түзгөн тротуар, экинчи тарабына кеңдиги 2 метрди түзгөн тротуар курулат. Ошондой эле темир-бетон арык куурларын жаткыруу, жарыктандыруу жана көрктөндүрүү иши жүргүзүлөт», - деп билдирүүдө белгиленген.
Калил Назаров көчөсүн реконструкциялоо жергиликтүү бюджеттин эсебинен жүргүзүлүүдө. Курулуш ушул жылдын октябрь айына чейин бүткөрүлөт.