Алайда 150-орундук заманбап мектеп курулууда

Алайда 150-орундук заманбап мектеп курулууда

Алай районунун Сары-Таш айылында 150-орундук заманбап мектеп курулууда. Бул тууралуу Ош облусундагы өкүлчүлүк билдирди.

Маалыматка ылайык, облустун жетекчиси Эльчибек Джантаев Сары-Таш айылында курулуп жаткан №39 орто мектептин имараты менен таанышты.

«Алыскы аймактарды заманбап билим берүү мекемелери менен камсыз кылуу балдарга район борборлоруна баруунун зарылдыгын болтурбай, өз айылдарында сапаттуу билим алууга мүмкүндүк берет. Келечек ээлерине заманбап шарттарда сапаттуу билим алуусуна мүмкүнчүлүк түзүү өлкө башчыбыздын программасынын негизги багыттарынын бири экенин баса белгилеп айткым келет. Ошондуктан курулуштун сапатын, мөөнөтүн тыкыр көзөмөлдөп, мугалимдердин балдарга сапатту билим берүү жана өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү иштерине кайдыгер болбой, өз милдеттерибизди так аткаралы», - деди Джантаев.

Учурда айылда 559 кожолук катталып, 2248 адам жашайт. Бирок 1986-жылы фин стилинде курулган №39 орто мектептин эски имараты жараксыз болуп, акыркы жылдары пайдаланылбай калган.

Бул көйгөйдү чечүү үчүн республикалык бюджеттен 118.4 млн сомду түзгөн. Курулуш боюнча 86.9 млн сомго тендерди утуп алган  «Эрбол Строй Сервис» ЖЧКсы курулуш иштерин аткарууда.  

Мындан тышкары окуңуз

Садыр Жапаров: Чүй облусун өнүктүрүүгө 10 млрд сом бөлүндү

Садыр Жапаров: Чүй облусун өнүктүрүүгө 10 млрд сом бөлүндү

Бүгүн президент Садыр Жапаров Чүй облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарага катышты. Мамлекет башчысы маараке өткөн тарыхты эскерүү менен гана чектелбестен, келечекке жаңы максаттарды коюуга түрткү бериши керектигин белгиледи. Президенттин айтымында, Чүй облусу өлкөнүн социалдык-экономикалык жана коомдук-саясий өнүгүүсүндө өзгөчө орунду ээлейт. Аймак мамлекеттүүлүктүн калыптанышында, азык-түлүк

Ишкер Media
Мамлекеттик бажы кызматында жетекчи алмашты

Мамлекеттик бажы кызматында жетекчи алмашты

Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Алмаз Салиев кызматынан бошотулду. Тиешелүү жарлыкка өлкө башчысы Садыр Жапаров кол койгонун президенттик администрациядан билдиришти. Салиев бажы органдарындагы кызматын 2003-жылдын майында баштаган. 2025-жылдын 19-февралында Министрлер кабинетинин тескемеси менен Бажы кызматынын төрагасы болуп дайындалган. 2026-жылдын май айында ага "Бажы кызматынын генерал-майору&

Ишкер Media
50 миң сомго жасалма iPhone саткан жаран кармалды

50 миң сомго жасалма iPhone саткан жаран кармалды

Аламүдүн районунда телефон сатуудагы алдамчылыкка шектелип 42 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, 1-октябрда Ж.Э. аттуу жаран милицияга кайрылган. Анын айтымында, белгисиз адам ишенимине кирип, 50 миң сомго iPhone 17 Pro Max саткан, бирок кийин ал жасалма

Ишкер Media
Ишкерлерге фитосанитардык талаптарды бузгандар жазаланаары айтылды

Ишкерлерге фитосанитардык талаптарды бузгандар жазаланаары айтылды

Ишкерлерге текшерүүгө тыюу салуу боюнча президенттин жарлыгына киргизилген өзгөртүүлөрдүн маңызы түшүндүрүлүүдө. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди. Маалымдалгандай, 9-октябрда Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматынын Бишкек жана Чүй боюнча инспекторлору борбордогу коомдук тамактануу жайларында, ветеринардык дарыканаларда жана эт сатуу түйүндөрүндө мониторинг жүргүзүштү. Санитардык абал, ветеринардык документтер жана талаптардын сакталышы текшерилди.

Ишкер Media