Бишкектин Ленин районунда отканаларды газга өткөрүү иштери кызуу жүргүзүүдө
Күз-кыш мезгилине даярдык көрүүнүн алкагында Ленин акимиаты отканаларды катуу отундан (көмүр) газ менен жылытууга өткөрүү иштерин жүргүзүүдө. Бул тууралуу мэриянын маалымат борбору билдирди.
«Бишкекжылуулукэнерго» коммуналдык ишканасынан алынган маалыматка ылайык, курулуш иштери 15-августка чейин бүткөрүлөт.
Көмүрдүн күйүүсүнөн улам атмосферанын булганышы ден соолук үчүн өзгөчө коркунуч жаратат.
Отканаларды көмүрдөн газ менен жылытууга өткөрүүдө абанын булганышы бир топ азаят, ошондуктан муниципалдык администрация тургундарга жылуулуктун бул альтернативдүү түрүнө өтүүнү сунуштайт.