Тоолуу Сары-Могол айылында балдар бакча менен муниципалдык мейманкана курулат
Президенттин Ош облусундагы өкүлү Эльчибек Джантаев «Гүлбурак» мектепке чейинки билим берүү мекемесинин курулушу менен таанышты. Бул тууралуу өкүлчүлүктүн маалымат кызматы билдирди.
Республикалык бюджеттен курулуп жаткан «Гүлбурак» мектепке чейинки билим берүү мекемеси 140 орунга ылайыкташып, окуу шарттарын жакшыртып, заманбап билим берүү чөйрөсүн түзүүгө мүмкүндүк берет.
Учурда курулуш иштер кызуу жүрүп жатат. Тендердик баасы 87 млн сомду түздү.
Ошондой эле айылда муниципалдык мейманканын курулушу башталды. Джантаев бул долбоорду колдоорун билдирип, мейманкананын курулушу туризмди өнүктүрүүдө жана өлкөнүн экономикалык потенциалын жогорулатууда маанилүү кадам болот деген ишенимин билдирди.