Борбор калаада видеокөзөмөл аркылуу май айынан бери гана көчөдө мыйзамсыз соода кылгандыгы үчүн 145 миң сомго 34гө жакын протокол түзүлдү. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.
Мындан тышкары, унаа токтотуу эрежелерин бузуулар камеранын объективине түшүп калгандыктан, ЖККБ тарабынан бузуучуларга айып салынган. Эркиндик бульварынан 15ке жакын унаа эвакуатор менен убактылуу кармоочу жайга жеткирилди.
Үстүбүздөгү жылдын 5 айында жүргүзүлгөн рейддик иш-чаралардын жыйынтыгында 417 миң сомдук 128 протокол түзүлгөн.
Хочешь самым первым узнавать о важных новостях об экономике и бизнесе в Кыргызстане, подпишись на наш Телеграм канал
@ishker_media