Кайрымдуулук фонд Красная-Речка айылында суу мунарасын курууга жардам берди
Ысык-Ата районунун Красная-Речка айылында суу мунарасы ачылды. Бул тууралуу Чүй облусундагы өкүлчүлүк билдирди.
Маалыматка ылайык, долбоор «Ас-Салам» кайрымдуулук фонду аркылуу ишке ашырылды.
Ачылыш иш-чарасына райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Алмазбек Осмонов, кайрымдуулук фонддун өкүлдөрү жана жергиликтүү тургундар катышты.