Борбор калаанын «Көк-Жар» суу алгычы бир күндө оңдолду

Борбор калаанын «Көк-Жар» суу алгычы бир күндө оңдолду

Борбор калаанын мэриясы «Көк-Жар» суу алгычында пландалган оңдоо иштерин тез арада бүтүрдү. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Такталгандай, «Бишкексууканал» башкармалыгынын командасы эки күнгө пландалган чоң көлөмдөгү иштерди бир күндүн ичинде бүткөрдү.

Ошентип, резервуарлар дезинфекцияланып, шаардык суу түтүктөрүндө керектүү оңдоо иштери жүргүзүлдү. Бул иш-чаралардын натыйжасында ичүүчү суунун оптималдуу сапаты жана суу менен камсыздоо тутумунун ишенимдүү иштеши камсыз кылынат.

Аткарылган иштердин жыйынтыгында 12-июль эртең менен шаардын бардык аймагына, анын ичинде Арча-Бешик конушуна таза суу туруктуу бериле баштайт.

Мындан тышкары окуңуз

Мүлк салыгы автоматташтырылып, пенсионерлерге жеңилдик каралды

Мүлк салыгы автоматташтырылып, пенсионерлерге жеңилдик каралды

Мамлекеттик салык кызматы 29-октябрдагы Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен КРдин Салык кодексине мүлк салыгы боюнча бир катар өзгөртүүлөр киргизилгенин маалымдайт. Мүлк салыгын автоматтык түрдө эсептөө киргизилгенине байланыштуу салыктарды эсептөө тартиби, алардын ставкалары өзгөртүлдү. Ошондой эле калктуу конуштардын жерлерине жана айыл чарба багытындагы эмес жерлерге, турак эмес имараттарга, жайларга жана курулуштарга мүлк

11 жылда Кыргызстандын газ колдонуусу 333 млн метр кубга көбөйгөн

11 жылда Кыргызстандын газ колдонуусу 333 млн метр кубга көбөйгөн

Кыргыз Республикасында 2014-жылдан тарта газдаштыруу 22%дан 42%га жогорулаганын “Газпром Кыргызстан” ЖЧКсынын экономика жана финансы боюнча директору Арзымат Алдаяров радиоэфирде билдирди. Анын айтымында, компаниянын эң ири долбоорлорунун бири 112 километрлик “Бухара–Ташкент–Бишкек–Алматы” магистралдык газ түтүгүн куруу жана реконструкциялоо болгон.  “Бул газ түтүгү аркылуу газ Кыргызстанга эле эмес,

Россияда мигранттарды кабыл алууну чектей турган мыйзам кабыл алынды

Россияда мигранттарды кабыл алууну чектей турган мыйзам кабыл алынды

Россия президенти Владимир Путин чет өлкөлүк жумушчулар менен эмгек келишимин токтотуу негиздерин кеңейте турган мыйзамга кол койгону маалым болду.  Эми жумуш берүүчүлөр жумуш орундарына болгон аймактык лимиттен ашкан учурда эмгек келишимин токтото алышат. Бул документ менен Россия Федерациясынын Эмгек кодексинин 327.6-беренесине өзгөртүүлөр кирет. Мыйзам 2026-жылдын 1-мартында күчүнө кирет. Бул

Б.Төрөбаев: Айыл чарба кызматкерлери жоопкерчиликти күчөтүүгө тийиш

Б.Төрөбаев: Айыл чарба кызматкерлери жоопкерчиликти күчөтүүгө тийиш

15-ноябрда Сокулук районундагы Кыргыз мамлекеттик асыл-тукум заводунда заманбап айыл чарба техникаларын тапшыруу аземи өттү. Иш-чарага Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев катышты. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматынан билдиришти. Министр Бакыт Төрөбаев кызматкерлерге кайрылып, айыл жергесинде жашаган калктын турмушун жакшыртуу кызматкерлердин негизги милдети экенин белгиледи: