Лотереянын катышуучуларына ID-номерлер жумасына 2 жолу ыйгарылып турат – Салык кызматы

Лотереянын катышуучуларына ID-номерлер жумасына 2 жолу ыйгарылып турат – Салык кызматы

«Чек талап кылып, байге утуп ал!» лотереясынын катышуучуларына ID-номерлер жумасына 2 жолу ыйгарылып турарын Салык кызматы билдирет.

«Салык чек» тиркемеси аркылуу ID-номерлерди ыйгаруу процесси төмөнкүдөй жүргүзүлөт:

· дүйшөмбүдөн шаршембиге чейин сканерленген кассалык чектерге жума күнү саат 23:30дан кийин берилет;

· бейшембиден жекшембиге чейин сканерленген кассалык чектерге шаршемби күнү саат 23:00дөн кийин берилет.

Бул тобокелдикке багытталган лотерея катышуучуларын өз убагында жана сапаттуу талдоону камсыз кылуу үчүн ишке ашырылууда.

ID-номерлер 1000001ден баштап катар номери менен ыйгарылат.

Топтолгон ар бир 1000 сомго 1 ID-номер берилет.

Белгилей кетсек, 25-30-декабрда лотереянын утуштарынын 2-этабы болот, анда 10 батир, 10 электромобиль, чет өлкөгө 3 жолдомо, 500 iPhone14, 500 смартфон, 150 ноутбук, Дайсон маркасындагы 20 фен ойнотулат.

Мындан тышкары окуңуз

Кадамжайда бирдиктүү кызмат көрсөтүү борбору курулууда

Кадамжайда бирдиктүү кызмат көрсөтүү борбору курулууда

Кадамжай шаарынын Пүлгөн айылында бирдиктүү кызмат көрсөтүү борборунун курулуш иштери уланууда. Бул тууралуу президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, долбоор Баткен олблусун 2021-2035 жылдарга өнүктүрүү программасынын алкагында ишке ашырылып жатат. Курулушка республикалык бюджеттен жыл сайын бөлүнүүчү 500 млн сомдун эсебинен 100 млн сом,

Кыргызстан биринчи жолу "Росатомдун" алдындагы Эл аралык жаштар кеңешине мүчө болду

Кыргызстан биринчи жолу "Росатомдун" алдындагы Эл аралык жаштар кеңешине мүчө болду

Кыргыз Республикасынын студенттер Ассоциациясынын президенти Бектан Кыдыев "Росатомдун" жетекчисинин консультативдик кеңешинин 13 мүчөсүнүн бири, Борбордук Азия аймактарынын өкүлү болуп калды.  "Росатом" мамлекеттик корпорациясынын башкы директорунун жетекчилигинин астында түзүлгөн Эл аралык жаштар кеңешинин Impact Team 2050 экинчи курамынын инагурациясы Обнинск шаарында (Россия Федерациясында) өттү. Иш-чара IV

"Келечек" кепилдиги: жарандар 1,3 млрд сомдон ашык ипотекалык насыя алышты

"Келечек" кепилдиги: жарандар 1,3 млрд сомдон ашык ипотекалык насыя алышты

"Кепилдик фонд" ААКнын "Келечек" кепилдик программасынын негизинде 267 үй-бүлө өз турак жайына ээ болду. Бул тууралуу аталган фонддон билдиришти. 30-июнга карата берилген кепилдиктердин жалпы суммасы 334,3 млн сомду түзүп, жарандар банктардан 1 млрд 352,5 млн сомдон ашык ипотекалык насыя ала алышкан. Берилген

Мамлекеттик өнүктүрүү банкынын уставдык капиталы 22 млрд 680 млн сомго жетет

Мамлекеттик өнүктүрүү банкынын уставдык капиталы 22 млрд 680 млн сомго жетет

Мамлекеттик өнүктүрүү банкынын уставдык капиталы 22,68 миллиард сомго чейин көбөйтүлөт. Бул тууралуу Кыргыз фондулук биржасынын билдирүүсүндө маалымдалды. Маалыматка ылайык, банктын уставдык капиталына 1,5 гектар аянттагы жер тилкеси акчалай эмес салым катары киргизилет. Аталган мүлктүн бааланган наркы 266,15 миллион сомду түзөт. Капиталды көбөйтүү үчүн банк кошумча 266 миң