Ысык-Көл менен Соң-Көлдө балыкты өндүрмөлүк кармоого үч жылга мораторий киргизди

Ысык-Көл менен Соң-Көлдө балыкты өндүрмөлүк кармоого үч жылга мораторий киргизди

Президент Садыр Жапаров «Ысык-Көлдө жана Соң-Көлдө балыкты өндүрмөлүк кармоого мораторий киргизүү жөнүндө» жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматы билдирет.

Такталгандай, мамлекеттик балык чарбалык көлмөлөрүндө балык запастарын сактоо жана көбөйтүү максатында, Конституциянын 71-беренесин жана «Аквакультура, балык уулоо жана суу биологиялык ресурстарды коргоо жөнүндө» мыйзамынын 8-беренеси жетекчиликке алынып, токтом кылынат:

Балыкты төмөнкү максаттар үчүн уулоону кошпогондо, Ысык-Көлдө жана Соң-Көлдө жашаган балыктардын бардык түрлөрүн өндүрмөлүк кармоого, ташууга, сатууга, сактоого, сатып алууга жана ташып чыгууга үч жылга убактылуу тыюу салуу (мораторий) жарыялансын:

· ышкыбоздук жана спорттук балык уулоону уюштуруу жана өткөрүү;

· балык запастарын жасалма өндүрүп чыгаруу боюнча бекитилген ар жылдагы пландык иштерди жүргүзүү;

· илимий-изилдөө иш-чараларын жана балык запастарынын абалына ихтиологиялык мониторинг жүргүзүү.

Мындан тышкары окуңуз

Садыр Жапаров: Чүй облусун өнүктүрүүгө 10 млрд сом бөлүндү

Садыр Жапаров: Чүй облусун өнүктүрүүгө 10 млрд сом бөлүндү

Бүгүн президент Садыр Жапаров Чүй облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарага катышты. Мамлекет башчысы маараке өткөн тарыхты эскерүү менен гана чектелбестен, келечекке жаңы максаттарды коюуга түрткү бериши керектигин белгиледи. Президенттин айтымында, Чүй облусу өлкөнүн социалдык-экономикалык жана коомдук-саясий өнүгүүсүндө өзгөчө орунду ээлейт. Аймак мамлекеттүүлүктүн калыптанышында, азык-түлүк

Ишкер Media
Мамлекеттик бажы кызматында жетекчи алмашты

Мамлекеттик бажы кызматында жетекчи алмашты

Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Алмаз Салиев кызматынан бошотулду. Тиешелүү жарлыкка өлкө башчысы Садыр Жапаров кол койгонун президенттик администрациядан билдиришти. Салиев бажы органдарындагы кызматын 2003-жылдын майында баштаган. 2025-жылдын 19-февралында Министрлер кабинетинин тескемеси менен Бажы кызматынын төрагасы болуп дайындалган. 2026-жылдын май айында ага "Бажы кызматынын генерал-майору&

Ишкер Media
50 миң сомго жасалма iPhone саткан жаран кармалды

50 миң сомго жасалма iPhone саткан жаран кармалды

Аламүдүн районунда телефон сатуудагы алдамчылыкка шектелип 42 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, 1-октябрда Ж.Э. аттуу жаран милицияга кайрылган. Анын айтымында, белгисиз адам ишенимине кирип, 50 миң сомго iPhone 17 Pro Max саткан, бирок кийин ал жасалма

Ишкер Media
Ишкерлерге фитосанитардык талаптарды бузгандар жазаланаары айтылды

Ишкерлерге фитосанитардык талаптарды бузгандар жазаланаары айтылды

Ишкерлерге текшерүүгө тыюу салуу боюнча президенттин жарлыгына киргизилген өзгөртүүлөрдүн маңызы түшүндүрүлүүдө. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди. Маалымдалгандай, 9-октябрда Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматынын Бишкек жана Чүй боюнча инспекторлору борбордогу коомдук тамактануу жайларында, ветеринардык дарыканаларда жана эт сатуу түйүндөрүндө мониторинг жүргүзүштү. Санитардык абал, ветеринардык документтер жана талаптардын сакталышы текшерилди.

Ишкер Media