Алтайдан атайын 35 марал Таластын жаратылыш паркына жеткирилди – долбоорго «Альянс Алтын» жардам берди

Алтайдан атайын 35 марал Таластын жаратылыш паркына жеткирилди – долбоорго «Альянс Алтын» жардам берди

2022-жылдын май айында «Альянс Алтын» компаниясынын колдоосу менен Талас облусуна Алтайдан атайын 35 марал алынып келинген. Бул тууралуу компаниянын маалымат кызматы айтып берди.

Долбоорду ишке ашырууг компания 2.5 млн сом каражат бөлгөн. Алар Талас районундагы Беш-Таш мамлекеттик жаратылыш паркына кое берилген.

Учурда маралдар Беш-Таш коругуна ыңгайлашып, өз ара көбөйүп жаткан чагы.  Аңсакчы (егерь) Азамат Эсенаалы уулу маралдарга жем берип, аларга көз салып, кам көрүп келет. Анын айтымында, маралдар Талас жергесине келгенден тарта абалы жакшырып, өзгөрүүлөр болгон. Аңсакчы учурда маралдардын төлдөп жатканын, Беш-Таш жайлоосунун төрүндө үйүр-үйүр болуп бөлүнүп жүргөн маралдардын музоолору пайда болгонун жергиликтүү чабандар көрүшкөнүн айтты.

«Альянс Алтын» ишканасы айлана-чөйрөнү коргоого байланышкан иш-чараларга өзгөчө көңүл буруп келет жана маралдарды сатып алуу да компаниянын бул багыттагы иштеринин бири болуп саналат. Эске сала кетсек Талас облусунда маралдар илгери болгон жана алар акыркы жолу 1949-жылы катталган.

Мындан тышкары окуңуз

Жалал-Абаддагы "Манас" сейил багы 6 млн долларга жаңыланды

Жалал-Абаддагы "Манас" сейил багы 6 млн долларга жаңыланды

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын алкагында мамлекеттик-жеке өнөктөштүк аркылуу жаңыланган "Манас" сейил багын көрүп чыкты. Жалпы аянты 5,3 гектарды түзгөн мурдагы "Жеңиш" эл алуу багы 6 миллион долларлык инвестициянын негизинде толугу менен жаңыланды. Долбоордун алкагында сейил бакка 27

Таш-Көмүрдө архитектура башкармалыгынын жаңы имараты ачылды

Таш-Көмүрдө архитектура башкармалыгынын жаңы имараты ачылды

Таш-Көмүр шаарында архитектура башкармалыгынын жаңы имаратынын расмий ачылыш аземи өттү. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги билдирди. Иш-чарага Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев жана курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев катышты. Маалыматка ылайык, жаңы имарат министрликтин материалдык-техникалык базасын чыңдоо

Кыргызстан менен Швейцария каржылык өнөктөштүктү чыңдоону көздөйт

Кыргызстан менен Швейцария каржылык өнөктөштүктү чыңдоону көздөйт

Каржы министри Руслан Суйналиев Швейцариянын Экономика маселелери боюнча мамлекеттик катчылыгынын Экономикалык кызматташтык жана өнүгүү бөлүмүнүн жетекчиси, өкмөттүн соода келишимдери боюнча өкүлү Пьетро Лаццери менен жолугушту. Министрликтен билдиришкендей, тараптар Кыргызстан менен Швейцариянын ортосундагы финансылык-экономикалык кызматташуунун учурдагы абалын жана келечектеги багыттарын талкуулашты. Өзгөчө көңүл чакан экономиканы колдоо, мамлекеттик башкарууну өнүктүрүү жана

Коомдук талкуу: Баткен окуяларын "Баткен согушу" деп таануу демилгеленди

Коомдук талкуу: Баткен окуяларын "Баткен согушу" деп таануу демилгеленди

Кыргызстанда 1999–2000-жылдардагы Баткен окуяларын расмий түрдө "Баткен согушу" деп таанууну сунуштаган мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду. Мыйзам долбоорунун демилгечиси — эл өкүлү Болот Сагынаев. Ал "Согуштун ардагерлери, Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлери жана ооруктагы эмгекчилер жөнүндө" мыйзамга Баткен согушунун ардагерлерин киргизүүнү сунуштоодо. Долбоорго ылайык, бул макам 1999–