Перейти к содержимому

Ошто көрнөк-жарнактардагы мамлекеттик тил мыйзамынын сакталышы текшерилди

Ош шаарынын мамлекеттик тил боюнча комиссиясы жана муниципалдык менчик башкармалыгынын, аймактык башкармалыктардын кызматкерлери биргеликте «Туран» муниципалдык аймактык башкармалыгын текшерүүгө алышты. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Анын жүрүшүндө, аталган аймакта жайгашкан жарнама илинген бардык имараттар текшерилип, 34 мыйзамсыз жана эскилиги жеткен жарнактар жеринен алынып салынды. Ошондой эле, «Мамлекеттик тил жөнүндө», «Жарнак жөнүндө» мыйзамдарынын талабына жооп бербеген 12 ижарачыга эскертүүлөр берилди.

Мэрия тарабынан текшерүүлөр улантылат.

Акыркы