Чүй облусунун дагы 400 тургуну «кызыл китепке» ээ болду

Чүй облусунун дагы 400 тургуну «кызыл китепке» ээ болду

2023-жылдын 14-июлунда Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Лебединовка айыл аймагындагы Өскөн-Ордо жаңы конушунда жергиликтүү тургундарга 400 жер боюнча жеке менчик укугу жөнүндөгү мамлекеттик актларын тапшырылды.

КР президентинин Чүй облусундагы өкүлү Канат Джумагазиев учурда 6 миңден ашуун мамлекеттик акт жана 824 техникалык паспорт берилгенин билдирди. Бул мамлекеттик актылар жаңы конуштун жашоочуларын укуктук коргоону жана ишенимдүүлүктү гана камсыз кылбастан, ошондой эле экономикалык ишмердүүлүктүн, анын ичинде айыл чарбанын, инфраструктураны өнүктүрүүнүн жана ишкердиктин катализатору катары кызмат кылат.

Көптөн күткөн окуянын урматына Өскөн-Ордо жаңы конушунун тургундары майрам уюштурушту: боз үй тигип, дасторкон жайып, маанай ачышты.

Мындан тышкары окуңуз

Жаңы дайындалган башкы прокурор жамаатка тааныштырылды

Жаңы дайындалган башкы прокурор жамаатка тааныштырылды

1-июлда президент Садыр Жапаровдун тескемесине ылайык, Малик Бектургановго башкы прокурордун милдеттерин убактылуу аткаруу жүктөлдү. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Маалыматка караганда, жаңы дайындалган жетекчини Башкы прокуратуранын эмгек жамаатына министрлер кабинетинин жетекчиси Адылбек Касымалиев тааныштырды. Тааныштыруу учурунда А.Касымалиев, М. Бектургановдун укук коргоо органдарындагы көп жылдык үзүрлүү эмгек жолуна токтолуп,

Дары-дармек өндүрүүчүлөр 10–12 жылга жеңилдетилген насыя ала алышат

Дары-дармек өндүрүүчүлөр 10–12 жылга жеңилдетилген насыя ала алышат

1-июлда Экономика жана коммерция министрлигинде Саламаттык сактоо министрлигинин, Мамлекеттик өнүктүрүү банкынын, коммерциялык банктардын жана ата мекендик фармацевтикалык ишканалардын өкүлдөрүнүн катышуусунда жумушчу кеңешме өттү. Экономика министрлиги билдиргендей, жолугушууда Министрлер кабинети 23-июнда №472-т тескемеси менен бекиткен "Дары-дармек каражаттарын жана медициналык буюмдарды өндүрүүчүлөргө жеңилдетилген насыя берүү" долбоорун

Кыргызстанда дан эгиндеринин аянты 486 миң гектарды түзөт

Кыргызстанда дан эгиндеринин аянты 486 миң гектарды түзөт

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги тарабынан 2026-жылдын оруп-жыюу өнөктүгүн өз убагында жана уюшкандыкта өткөрүүгө багытталган даярдык иштери улантылууда. Айыл чарба министрлигинин маалыматына ылайык, бүгүнкү күндө айыл чарба техникаларын оңдоо жана сезонго даярдоо иштери дыйкан-фермер чарбаларынын жана айыл чарба субъекттеринин механизаторлору тарабынан активдүү

Чүйдө реестрге катталбаган курулуш үчүн 1 млн сом айып пул салынды

Чүйдө реестрге катталбаган курулуш үчүн 1 млн сом айып пул салынды

Чүй облусунун Аламүдүн районундагы логистикалык-соода борборунда курулуп жаткан кампалардын, газоблок чыгаруучу заводдун жана аквапарктын курулушунда мыйзам бузуу катталып, 1 млн сом айып пул салынды. Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, Мамлекеттик архитектура-курулуш көзөмөлдөө департаменти текшерүүдө курулуш иштери Бирдиктүү мамлекеттик курулуш реестрине катталбастан