Жалал-Абадда 72 млн сомдук балдар ойноочу комплекси курулат

Жалал-Абадда 72 млн сомдук балдар ойноочу комплекси курулат

Жалал-Абадда шаарындагы муниципалдык балдар ойноочу заманбап комплекстин курулушу башталды. Бул тууралуу шаардык мэриясынын маалымат борбору билдирди.

Такталгандай, долбоор Т.Байзаков атындагы эс алуу паркында ишке ашырылат. Долбоордун сметалык баасы 75  млн сомду түзүп, тендердин жыйынтыгы менен «АСТАС строй» ЖЧКсы жеңүүчү деп табылып, 72 млн. сомго курулуш жүргүзүүдө.

Комплексттин курулушу 2023- жылдын октябрь айында бүткөрүү пландалган. Мэрия белгилегендей, балдар ойноочу комплекстин курулушу республикалык бюджеттен Жалал-Абад шаарын өнүктүрүүгө бөлүнгөн 2 млрд. сом акча каражатынын эсебинен каржыланууда.

Мындан тышкары окуңуз

Адылбек Касымалиев Шавкат Мирзиёев менен жолукту

Адылбек Касымалиев Шавкат Мирзиёев менен жолукту

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен жолукту.Бул тууралуу президенттик админстрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти. Маалыматка ылайык, МинКаб Төрагасы Адылбек Касымалиев Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевге Садыр Жапаровдун жылуу саламын жолдоп, Кыргызстан Өзбекстан менен ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктү өнүктүрүү жана ынак коңшулук мамилелерди чыңдоо Кыргызстандын тышкы саясатынын

Ош – Кара-Суу жолу оңдоп-түзөөдөн өтүүдө

Ош – Кара-Суу жолу оңдоп-түзөөдөн өтүүдө

Ош – Кара-Суу унаа жолун оңдоп-түзөөнүн алкагында узундугу 18,690 чакырым жол асфальтталууда. Жолдун туурасы 15 метрден 22 метрге чейин жетип, 4 тилкелүү болот. Жөө жүргүнчүлөрдүн коопсуздугу үчүн туурасы 3 метр болгон жөө адамдар өтүүчү жана велосипеддер үчүн жол курулууда.  Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалыматына караганда, аталган автомобиль жолу

Таш-Көмүр – Кербен – Ала-Бука жолуна асфальт төшөө иштери жүрүүдө

Таш-Көмүр – Кербен – Ала-Бука жолуна асфальт төшөө иштери жүрүүдө

Жалал-Абад облусундагы Таш-Көмүр – Кербен – Ала-Бука мамлекеттик маанидегиавтомобиль жолунда асфальт төшөө иштери уланууда. Унаа жолдун  жалпы узундугу  54 чакырым. Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынын айтымына караганда, 2026-жылга карата титулдук тизмеге ылайык, жолдун 34–39 чакырым аралыгындагы 5 чакырым тилкесине асфальт-бетон төшөө иштери каралган. Бүгүнкү күндө

Кыргызстан менен Пакистандын логистикалык кызматташтыгы талкууланды

Кыргызстан менен Пакистандын логистикалык кызматташтыгы талкууланды

16-июнда Экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков  Кыргызстандагы Пакистандын атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Алтамаш Вазир Хан менен жолугушуп, транспорттук-логистикалык кызматташтыкты өнүктүрүү маселелерин талкуулады. Экономика жана коммерция министрлигинин басма соз кызматынын маалыматына ылайык, жолугушууда тараптар 2025-жылдын 3–4-декабрында президент Садыр Жапаровдун Пакистан Ислам Республикасына болгон мамлекеттик