2 жуманын ичинде лотереянын катышуучулары 972 млн сомго кассалык чектерди сканерлешти – Салык кызматы

2 жуманын ичинде лотереянын катышуучулары 972 млн сомго кассалык чектерди сканерлешти – Салык кызматы

2-июлдан баштап «Чек талап кылып, байге утуп ал!» лотереясынын 2-этабы башталгандан тартып, жарандар «Салык чек» тиркемеси аркылуу 972 млн сомдон ашык суммага кассалык чектерди сканерден өткөрүштү. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы билдирди.

Бүгүнкү күнү лотереянын катышуучуларына 2-июлдан тартып сканерден өткөрүлгөн кассалык чектердин суммасынан түзүлгөн 860 миңден ашык ID-номер ыйгарылды.

Эскерте кетсек, ID-номерлер жумасына 2 жолу: дүйшөмбүдөн шаршембиге чейин сканерленген кассалык чектерге – жума күнү, бейшембиден жекшембиге чейин сканерленген кассалык чектерге – шаршемби күнү автоматтык түрдө ыйгарылып турат. Топтолгон ар бир 1000 сомго 1 ID-номер берилет..

Утуштун экинчи этабы 25-декабрдан 30-декабрга чейин болот, анда 1244 байге ойнотулат, анын ичинде 10 батир, 11 электромобиль, чет өлкөгө 4 жолдомо, 521 iPhone14, 519 смартфон, 158 ноутбук жана Дайсон маркасындагы 21 фен.

Мындан тышкары окуңуз

Балык чарбасы жылына 2 миң тоннага чейин балык өндүрүүнү мерчемдөөдө

Балык чарбасы жылына 2 миң тоннага чейин балык өндүрүүнү мерчемдөөдө

Президент Садыр Жапаров 1-июлда, Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын алкагында Каракол шаарынын Пристань конушунда курулуп жаткан заманбап балык чарбасынын жана кеме чогултуу комплексинин инвестициялык долбоорлору менен таанышты. Президенттик админстрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнүн айтымына караганда, мамлекет башчысына Ысык-Көлдүн биологиялык ар түрдүүлүгүн калыбына келтирүүгө багытталган балык чарбасын куруу долбоору

Өлкөнү күйүүчү май менен туруктуу камсыздоо чаралары күчөтүлдү

Өлкөнү күйүүчү май менен туруктуу камсыздоо чаралары күчөтүлдү

Энергетика министрлиги өлкөдөгү күйүүчү-майлоочу майлардын абалын күн сайын көзөмөлдөп, ички рынокту үзгүлтүксүз камсыз кылуу боюнча иштерди жүргүзүп жатканын билдирди. Маалыматка ылайык, дүйнөлүк энергетикалык рыноктогу өзгөрүүлөр, Жакынкы Чыгыштагы геосаясий чыңалуу, эл аралык логистикалык тобокелдиктер жана мунайдын дүйнөлүк баасынын өсүшү ички рынокко таасирин тийгизип жатат. Өлкөнүн энергетикалык коопсуздугун камсыздоо максатында Министрлер

Кыргызстан менен Корея токойлорду калыбына келтирүү боюнча кызматташат

Кыргызстан менен Корея токойлорду калыбына келтирүү боюнча кызматташат

Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Токой кызматынын делегациясы Кореяда иш сапар менен болуп, эки тараптуу жолугушууларды өткөрдү. Токой кызматы билдиргендей, делегацияны Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Нурбек Жумалиев жетектеди. Иш-чаранын жүрүшүндө Кореянын Токой кызматынын министри Пак Ын Сик баштаган расмий өкүлдөр менен жолугушуу болуп өттү. Анда эки өлкө ортосунда токой

“Бала ырысы” жөлөк пулун кандай шарттарда алса болот?

“Бала ырысы” жөлөк пулун кандай шарттарда алса болот?

“Бала Ырысы” жөлөк пулу 1-июлдан тарта 3 жашка чейинки балдарга, үй-бүлөнүн социалдык экономикалык абалына карабастан жана 3 жашка чейинки бала ата-энеси менен же баккан адам менен чогуу жашаган учурда, “Бала Ырысы” ар айлык мамлекеттик жөлөк пулу 1200 сом өлчөмүндө киргизилүүдө. Кыргызстандын калкынын 38%ын балдар түзөт. Улуттук