Баткендин чек ара аймактарында АРИС 15 социалдык обьекттин курулушун жүргүзүүдө
Баткен облусунун Баткен жана Лейлек райондорунун чек аралаш аймактарында 15 социалдык обьектилердин курулушу жана капиталдык оңдоп-түзөө жумуштары АРИС уюму тарабынан ишке ашууда. Бул тууралуу КР президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.
Тагыраагы 10 обьект учурда курулуп жатса, 5 обьекттин капиталдык оңдоп түзөө жумуштары аяктады.
Курулуш иштерин 2023-жылдын аягына чейин бүткөрүү, обьекттерди пайдаланууга берүү пландалган. Ошондой эле ар бир обьектти керектүү жабдуулар жана эмеректер менен камсыздоо жагы белгиленген. Алар:
· Ак-Сай айыл өкмөтүнүн Ак-Сай айылында 275 орундуу Б.Ходжаев атындагы орто мектептин курулушу;
· Ак-Сай айылында 75 орундуу «Эделвейс- Жакшылык » балдар бакчасы;
· Көк-Таш айылында 120 орундуу Көк-Таш башталгыч мектеби;
· Көк-Таш айылында 50 орундуу «Учкун» балдар бакчасы;
· Кара-Бак айыл өкмөтүнүн, Кара-Бак айылындагы Б.Нарматов орто мектебине 100 орундуу кошумча окуу корпусу;
· Кара-Бак айыл өкмөтүнун, Кызыл-Бел айылындагы А.Масалиев орто метебине 150 орундуу кошумча корпусу;
· Кара-Бак айыл өкмөтүнүн, Достук айылындагы 100 орундуу орто мектеби;
· Кара-Бак айыл өкмөтүнүн, Достук айылындагы 30 орундуу “Бөбөктай” балдар бакчасы;
· Кара-Бак айыл өкмөтүнүн Достук айылындагы ФАП;
· Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн Чоң-Талаа айылыныдагы 225 орундуу Чоң-Талаа орто мектебинин курулушу;
Ал эми капиталдык оңдоп түзөөлөр:
· Ак-Сай айыл өкмөтүнүн Капчыгай айылындагы ФАПтын капиталдык ремонтто жумуштары;
· Лейлек районунун Жаңы-Жер айыл өкмөтүнүн Бобордук айылындагы №20 ГСВ;
· Лейлек районунун Жаңы-Жер айыл өкмөтүнүн Бобордук айылындагы Ч.Айтматов орто мектеби;
· Лейлек районунун Жаңы-Жер айыл өкмөтүнүн Арка айылындагы №22 ГСВ;
· Лейлек районунун Кулунду айыл өкмөтүнүн Максат айылындагы 225 орундуу Максат орто мектептин оңдоп-түзөө иштери.