«Тазалыктын» кызматкерлери Рамиз Алиевди кызматынан бошотууну талап кылышты

«Тазалыктын» кызматкерлери Рамиз Алиевди кызматынан бошотууну талап кылышты

«Тазалык» МИ кызматкерлери мекеменин азыркы директору Рамиз Алиевди кызматынан бошотууну талап кылууда. Ишкананын жамааты президент Садыр Жапаровго жана Бишкектин мэри Эмилбек Абдыкадыровго ачык кайрылышты.

Кызматкерлердин нааразычылыгын толугу менен келтиребиз:

• Алиев Р.Г. жалпы эмгек жамаатынын отүнүч, ой пикир, көз караштарын эске албастан, өзум билемдикке салып, ишкананын абоненттик кызматынын 30 дан ашуун кызматкерине сөгүш жарыялаган. Ал учурда сөгүш алган кызматкерлердин 10 -15 жылкы эмгек стажы жана «Тазалык» ишканасына синирген эмгеги эске алынган эмес;

• Алиев Р.Г. «Тазалык» ишканасына директор болуп келгенине 3-4 ай болбой туруп ишканага 19-20 чакты кызматкерлерди  өзү мурда иштеген «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынан ала келип, орчундуу кызмат орундарына кабыл алып жатат;

• «Тазалык» ишканасынын эмгек жамаатын «өзүмдүкүлөргө жана өзүмдүкү эместерге» бөлүп, жалпы эмгек жамаатынын ыркын кетируудо;

• Алиев Р.Г. «Тазалык» ишканасындагы кызмат абалын Бишкек шаарынын жашоочуларына «өзүнө пиар» катары колдонуп, көп башка кызматкерлердин аткарган эмгегин «мен жасадым» - деп өзунө ыйгаргандыгы;

• Алиев Р.Г. административдик башкаруу кызматкерлеринин кээ бир кызматкерлери менен болгон чогулушта, «этика кодексин» эске албастан кызматкерлерге (кыздарга) орой мамиле жасап, коркутндыгында;

• ишкананын эмгек жамаатынын пикирин эске албастан, жаны келген автоунаа ж.б. (кабинеттерди ондоо, эмерек, компьютердик техника) өзунун  жакын адамдарына гана бөлунуп берилген;

• жумушка кабыл алынган кызматкерлери (механик жана гараж башчысы) кесиби боюнча «юрист» болгонуна карабастан, жогорку техникалык билим талап кылынган кызмат ордуна коюлуусу, ал кызматкерлердин ишти билбөөсунөн улам, айдоочулардын, моторист, слесарь жана ширетуүчүлөрдүн арасында нааразычылык кобойуп, конфликтерге алып келүүдо;

• Алиев Р.Г. ишкананын өндүрүш жаатын жакшы билбестигинен керексиз, туура эмес ротация жасап Свердлов районунда мусор чыгаруу  кыйынчылыкка туш болгон, (он жылдан ашуун эмгек тажрыйбасы бар Б.Султанбековду ротация кылып, анын ордуна катуу калдыктарды чыгаруу боюнча тажрыйбасы жок Күрүчбеков Калысты алып келуусу);

• Р.Г. Алиевдин Коомдук аймактарды тазалоочулардын иштерин  көзөмөлдөө максатында, аларды «чип» аркылуу текшерүү демилгеси, «биз эмне ит белек бизди чипировать эткендей» Алиевге чейин эле «чипсиз» иштеп келгенбиз» - деп жумушчулардын ачуусун келтирүүдө. - Алиев Р.Г. келтирилген фактылардан сырткары "мен «Тазалыкты» толук тазалаймын, дагы жаны 20-30 кызматкерлерди алып келем - деген сөздөрүнөн улам, көптөгөн кызматкерлер башка иш орундарын издеп башташты.  

Жогоруда көрсөтүлгон кемчиликтердин негизинде «Тазалык» ишканасынын эмгек жамаатынын Алиев Р.Г. менен тил табышып иштөөсү мүмкүн эмес, ошондуктан ишкананын жамаатынын суранычын туура түшүнүп Р.Г. Алиевдин кызмат ордунан бошолуусуна терен ишенебиз.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстан менен АКШ бажы кызматташтыгын күчөтүүнү көздөйт

Кыргызстан менен АКШ бажы кызматташтыгын күчөтүүнү көздөйт

10-июлда Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Алмаз Салиев менен Американын Кыргызстандагы элчиси Лесли Вигери жолугушту. Бажы кызматы белгилегендей, жолугушууда тараптар мыйзамсыз жүк ташууга каршы күрөшүү, маалымат алмашуу, экспорттук көзөмөлдү күчөтүү жана бажы кызматтарынын ортосунда түз байланыштарды өнүктүрүү маселелерине көңүл бурушту. Кыргыз тарап радиациялык көзөмөл каражаттарын жаңылоо, адистерди даярдоо жана заманбап

"Бишкек Арена" сентябрдын аягында расмий ачылат

"Бишкек Арена" сентябрдын аягында расмий ачылат

"Бишкек Арена" стадионунун расмий ачылышы сентябрдын аягына чейин жалпы кыргызстандыктардын катышуусунда чоң салтанат менен өтөт. Бул тууралуу Президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов билдирди. Анын айтымында, 31-августта "Бишкек Аренада" Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземи гана өткөрүлөт. Бул күнү оюндарга катышкан өлкөлөрдүн командаларынын парады өтүп, мамлекет

Дипломатиялык мекемелердин аткарган иштерине баа берилди

Дипломатиялык мекемелердин аткарган иштерине баа берилди

10-июлда Тышкы иштер министрлигинде 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгындагы ишмердүүлүктүн жыйынтыгына арналган жыйын өттү. Маалыматка ылайык, жыйында министрликтин борбордук аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери аткарган иштер жана чет өлкөлөрдөгү дипломатиялык мекемелердин ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктары тууралуу маалымат беришти. Министр Жээнбек Кулубаев дипломатиялык кызмат органдарынын жалпы ишине баа берип, Кыргызстандын тышкы саясатынын негизги

Москва районундагы соода түйүндөрү дизайн-код боюнча иретке келтирилүүдө

Москва районундагы соода түйүндөрү дизайн-код боюнча иретке келтирилүүдө

Москва районунда Бишкек–Кара-Балта эл аралык маанидеги унаа жолунун боюндагы соода-сатык объектилерин дизайн-коддун талаптарына ылайык келтирүү иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти. Шаар куруу жана архитектура департаментинин Москва райондук шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгы жергиликтүү өз алдынча башкаруу