Шамалды-Сай ГЭСинде гидроагрегатынын оңдоо иштери жүргүзүлүп жатат
Күз-кыш мезгилине даярдануунун алкагында Шамалды-Сай ГЭСинде (гидроагрегат) ГА-2 учурдагы оңдоо иштери жүргүзүлүп жатат. Бул тууралуу Энергетика министрлиги кабарлады.
Бүгүнкү күндө ГА-2 (гидроагрегат) боюнча төмөндөгү иштер аткарылууда:
• турбинанын подшипниктерин учурдагы оңдоо;
• турбинанын подшипниктерин майлоо системасын учурдагы оңдоо;
• турбинанын капкагынан суу чыгаруучу насосту учурдагы оңдоо;
• генератордун статорунун орамын текшерүү, тазалоо;
• В-13-Г-3 генераторунун автоматтык өчүргүчтөрүн учурдагы оңдоо.
Оңдоо иштери бекитилген графикке ылайык жүргүзүлүүдө. Ремонт иштери 2023-жылдын 30-июлунда аяктайт.