Кеминде ЦОНду курууда 4.6 млн сомго зыян келтирилген

Кеминде ЦОНду курууда 4.6 млн сомго зыян келтирилген

Кемин районунун прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө Калкты тейлөө борборунун имаратын курууда мамлекетке 4 млн 675 миң сомдук өзгөчө ири өлчөмүндөгү чыгым алынып келингендиги аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди.

Тактап айтканда, айрым мамлекеттик органдардын жооптуу кызмат адамдары өз кызмат абалдарынан кызматтын кызыкчылыктарына каршы пайдаланышып, пайда көрүү максатында баштапкы сметада аныкталган 27 млн 988 миң 503 сомдон тышкаркы кошумча акча каражат керектелүүдө деген негизде «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» мыйзамынын талаптарын одоно түрдө бузушуп, милдеттүү түрдө жүргүзүлчү мамлекеттик сатып алуулар порталы аркылуу сатып алууларды алып барбастан, куруучу «М.С.» ЖЧКсынын банктык эсебине кошумча келишим түзбөстөн 4 млн 500 миң сом акча каражатын түз которуп жиберишкен.

Ошондой эле, Калкты тейлөө борборунун имаратынын курулушуна 2021-жыл ичинде жасалган айрым жумуштарын гана Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы тарабынан текшерүүдө, аткарылган жумуштардын актысында көрсөтүлгөндөрдүн айрым позициялары боюнча баалары жогорулатылып кабыл алынып, актыда белгиленген курулуш материалдары пайдаланылбагандыгы аныкталган.

Натыйжада мамлекеттик бюджетке 4 млн 675 миң сомдук өзгөчө ири өлчөмүндөгү чыгым алынып келинген.

Мындан тышкары окуңуз

Кадамжайдагы Кожо-Ашкан дарыясы 35 млн сомго бекемделди

Кадамжайдагы Кожо-Ашкан дарыясы 35 млн сомго бекемделди

Баткен облусунун Кадамжай районунун Кожо-Ашкан дарыясынын 880 метр аралыгы бекемделди. Анын ичинен Чоң-Гара айылында 500 метр, Кызыл-Коргон айылында 380 метр бекемделди. Бул тууралуу облустук өкүлчүлүктөн билдиришти. Бул жумуштар үчүн 2025-жылы республикалык бюджеттин эсебинен 20 млн сом, 2024-жылы Баткен облусун Өнүктүрүү фондунан 15 млн сом акча

Жаңы тез жардам унаалары сатылып алынат

Жаңы тез жардам унаалары сатылып алынат

Тез жардам кызматынын иши менен жеринен таанышуу максатында Саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов Бишкек шаардык Тез жардам борборуна барды. Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, министр диспетчердик борбордун иши, чакырууларды кабыл алуунун автоматташтырылган системасы жана бригадалардын ишин координациялоо тартиби менен таанышты. Иш сапардын жүрүшүндө жол-транспорт кырсыгы тууралуу чакыруу түшүп, министр

Чектеш өлкөлөр атайын жөнөтүүлөрдү алмашуу маселесин талкуулашты

Чектеш өлкөлөр атайын жөнөтүүлөрдү алмашуу маселесин талкуулашты

Ички иштер министрлигинде чектеш мамлекеттер ортосунда атайын жөнөтүүлөрдү чек ара аркылуу алмашууну уюштуруу жана өркүндөтүү маселелерине арналган жумушчу жолугушуу болуп өттү. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди. Иш-чарага ички иштер министринин орун басары Сүйүнбек Ниязбеков, Фельдъегердик кызматынын жана «Фельдъегердик кызматтын Атайын байланыш кызматы» мамлекеттик ишканасынын жетекчилиги, ошондой эле

Ысык-Көлдө тамактануучу жайлар текшерилүүдө

Ысык-Көлдө тамактануучу жайлар текшерилүүдө

Жайкы туристтик мезгилге карата калктын жана эс алуучулардын коопсуздугун камсыздоо максатында Ысык-Көл районундагы коомдук тамактануучу жайларда текшерүү жүргүзүлүүдө. Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматынын маалыматына ылайык, Санитардык-эпидемиологиялык кызмат менен биргеликте 22 коомдук тамактануучу жай текшерүүгө алынды. Анда ишканалардын коштомо документтери, эт жана сүт азыктарынын сапаты менен сакталуу шарттары каралды.