Ысык-Көлдө тамактануучу жайлар текшерилүүдө

Ысык-Көлдө тамактануучу жайлар текшерилүүдө

Жайкы туристтик мезгилге карата калктын жана эс алуучулардын коопсуздугун камсыздоо максатында Ысык-Көл районундагы коомдук тамактануучу жайларда текшерүү жүргүзүлүүдө.

Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматынын маалыматына ылайык, Санитардык-эпидемиологиялык кызмат менен биргеликте 22 коомдук тамактануучу жай текшерүүгө алынды.

Анда ишканалардын коштомо документтери, эт жана сүт азыктарынын сапаты менен сакталуу шарттары каралды.

Текшерүүнүн жыйынтыгында 6 коомдук тамактануучу жайда тиешелүү коштомо документтердин толук эместиги аныкталган. Аталган мыйзам бузуулар боюнча ишкана жетекчилерине эскертүүлөр берилип, кемчиликтерди жоюу боюнча консультативдик жардам көрсөтүлдү.

Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA сайтынын Telegram, Facebook, Instagram, Threads, Х жана YouTube каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

Ысык-Атада 4 ири ишкананы пайдаланууга берүү пландалууда

Ошто 6 миң гектар жерге көчөт отургузулду

Кантта 5 жылда үч ири ишкана ачылган

Коопсуздук талаптарын сактабаган компанияга 200 миң сом айып пул салынды

ТИМ башчысы Кулубаев Астанадагы саммитке катышты