Польшалык Eurokadra Group кыргызстандыктарды жумушка орноштурууга жардам берүүгө даяр

Польшалык Eurokadra Group кыргызстандыктарды жумушка орноштурууга жардам берүүгө даяр

Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев Гливице шаарында (Польша) кадрларды тандоо жана жеке консультация боюнча адистешкен польшалык «Eurokadra Group» компаниясынын өкүлдөрү менен жолукту.

Элчиликтин маалыматына ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстандан Польшага кадрларды даярдоо жана тартуу жаатында кызматташууну өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.

Компаниянын жетекчиси Вислав Ямински Eurokadra Group уюму менен тааныштырып, анын тажрыйбасы жана жетишкендиктери тууралуу кеңири айтып берди. Ал Кыргызстандан 18 жаштан 40 жашка чейинки жана айрыкча эркектерди тартууга болгон суроо-талап күч экенине токтолду.

Жолугушуунун соңунда Польшада кыргызстандык жумушчуларды ишке орноштуруу маселесин алдыга жылдыруу максатында жакын арада Вислав Ямински менен Януш Кшивошинскийдин Кыргызстанга иш сапарын уюштуруу жана кызыкдар мамлекеттик органдар, ата мекендик компаниялар менен жолугушууларды өткөрүү боюнча макулдашууга жетишилди.

Мындан тышкары окуңуз

Касымалиев күз-кыш мезгилине даярдык боюнча жыйын өткөрдү

Касымалиев күз-кыш мезгилине даярдык боюнча жыйын өткөрдү

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев өлкөнүн 2026-2027-жылдардагы күз-кыш мезгилине даярдыгы боюнча жыйын өткөрдү. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы кабарлады. Жыйында энергетикалык абал, жылуулук менен камсыздоочу ишканаларды жана бюджеттик мекемелерди кышка даярдоо, отун менен камсыздоо жана калкты көмүр менен камсыздоо маселелери каралды. Маалыматка ылайык, 2026-жылы республика боюнча

Ишкер Media
Бишкекте трамвай тармагын өнүктүрүү, метробус жана метро куруу келечеги пландаштырылууда

Бишкекте трамвай тармагын өнүктүрүү, метробус жана метро куруу келечеги пландаштырылууда

Кечээ Бишкек шаарынын мэриясында шаар мэринин биринчи орун басары Кубанычбек Иманалиев менен Франция Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Николя Файдын жолугушуусу болуп өттү. Жолугушуунун жүрүшүндө борбор калаанын транспорттук инфраструктурасын модернизациялоо жана коомдук транспорттун заманбап түрлөрүн өнүктүрүү келечеги талкууланды. Жолугушууга Бишкек шаарынын мэриясынын кызматкерлери, Франциянын делегациясынын өкүлдөрү жана

Ишкер Media
Акы төлөнүүчү мамлекеттик жана муниципалдык кызматтардын бирдиктүү реестри түзүлөт

Акы төлөнүүчү мамлекеттик жана муниципалдык кызматтардын бирдиктүү реестри түзүлөт

Экономика жана коммерция министрлиги акы төлөнүүчү мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды, ошондой эле жарандык-укуктук мүнөздөгү кызматтарды камтыган бирдиктүү реестрди бекитүүнү коомдук талкууга сунуштады.  Документ мамлекеттик кызматтар тууралуу маалыматтарды системалаштырууга, аларды көрсөтүү шарттарынын ачык-айкындуулугун камсыз кылууга жана реестрди үзгүлтүксүз жаңыртып турууга багытталган. Маалыматка ылайык, реестрге кызматтын аталышы, аны көрсөтүүгө жооптуу

Ишкер Media
Ак ниет салык төлөөчүлөрдү коргоого багытталган Жарлыкка кол коюлду

Ак ниет салык төлөөчүлөрдү коргоого багытталган Жарлыкка кол коюлду

Президенти Садыр Жапаров “Ак ниет салык төлөөчүлөрдү коргоонун укуктук кепилдиктерин өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыкка кол койду. Жарлык салык системасын өркүндөтүүгө, ак ниет салык төлөөчүлөрдүн укуктарын коргоону күчөтүүгө жана ишкердикти өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө багытталган. Документтин негизги максаты — мамлекеттин кызыкчылыктары менен ишкерлердин укуктарынын ортосундагы адилеттүү тең салмактуулукту камсыз кылуу

Ишкер Media