Кыштан көйгөйсүз чыгабыз – Садыр Жапаровдун убадасы

Кыштан көйгөйсүз чыгабыз – Садыр Жапаровдун убадасы

Келе жаткан кыш мезгилинде электр энергиясынан көйгөй жаралат деп сарсанаа болууга негиз жок. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров «Кабар» агенттигине берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, энергетика тармагына өзгөчө кырдаал киргизүү электр энергиясын тиешелүү маселелердин баарын координациялоого шарт түзөрүн белгиледи.

«Элибиздин электр энергиясы боюнча сарсанаа болуусуна эч негиз жок. Өзгөчө кырдаал киргизди десе эле «кокуй, энергетика тармагы болбой калыптыр, өзгөчө кырдаал түзүлүп калыптыр, кышында абал кыйындайт экен» деп ар кандай чагымчыл кептерге алдырбаш керек. Болгону ушундай жарлык менен Энергетика министрлигинин ыйгарым укуктарын кеңейтүүдөбүз. Ооба, быйыл суу аз. Бул бир эле Кыргызстанда эмес, жалпы региондогу көрүнүш болуп жатат. Ошентсе да биз кыштан аман-эсен, жакшы чыгабыз деп турабыз. Себеби ЖЭБди эске алганыбызда жана ошондой эле башка өлкөлөр менен түзүлгөн келишимдердин негизинде кыштан көйгөйсүз чыгабыз», — деди Жапаров.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстан Дүйнөлүк соода уюмунун укуктук борборуна мүчө болду

Кыргызстан Дүйнөлүк соода уюмунун укуктук борборуна мүчө болду

30-июнда Женева шаарында Кыргызстандын Дүйнөлүк соода уюмунун укук боюнча Консультациялык борборуна (ACWL) кошулуусу тууралуу протоколго кол коюу аземи болуп өттү. Бул тууралуу Экономика министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, Кыргызстан аталган борборго мүчө болгон 47-өлкө болуп калды. Протоколго Кыргызстандын Дүйнөлүк соода уюмунун алдындагы туруктуу өкүлү Омар Султанов жана Консультациялык борбордун

Манас шаарындагы эс алуу паркы жаңыланып, пайдаланууга берилди

Манас шаарындагы эс алуу паркы жаңыланып, пайдаланууга берилди

Манас шаарында реконструкциядан өткөн маданият жана эс алуу паркынын салтанаттуу ачылышы болуп өттү. Иш-чарага Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев, шаар жетекчилиги жана жергиликтүү тургундар катышышты. Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун (РКӨФ) төрагасы Артем Новиковдун маалыматына ылайык, паркты реконструкциялоо жана модернизациялоо долбоору РКӨФ, Манас шаарынын мэриясы жана жеке инвесторлордун өнөктөштүгү менен

Кыргызстан Эл аралык валюта фонду менен кызматташууну кеңейтет

Кыргызстан Эл аралык валюта фонду менен кызматташууну кеңейтет

Каржы министри Руслан Суйналиев Ташкентте Эл аралык валюта фондунун Швейцария-Польша шайлоочулар округу боюнча аткаруучу директору Патрик Лошевски менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, жолугушуу 29-30-июнда Өзбекстанда өтүп жаткан Дүйнөлүк банк жана Эл аралык валюта фондунун жыйынынын алкагында уюштурулган. Тараптар макроэкономикалык туруктуулукту камсыз

Ак ниеттүү ишкерлердин реестрине 3 компания киргизилди

Ак ниеттүү ишкерлердин реестрине 3 компания киргизилди

2026-жылдын 30-июнунда КРнын Экономика жана коммерция министрлигинде КРнын ишкердик субъекттерин Ак ниеттүү ишкерлердин реестрине киргизүү үчүн тандоо боюнча ведомстволор аралык комиссиянын кезектеги жыйыны болуп өттү. Министрликтин маалыматына ылайык, жыйындын жүрүшүндө ведомстволор аралык комиссия ишкердик субъекттеринин Ак ниеттүү ишкерлердин реестрине киргизүү боюнча 26 арызды кароого алды. Анын жыйынтыгы боюнча