Бишкек электр тармактар ишканасында күз-кыш мезгилине даярдыктар кызуу жүрүүдө

Бишкек электр тармактар ишканасында күз-кыш мезгилине даярдыктар кызуу жүрүүдө

Бишкектин Чыгыш РЭТтин кызматкерлери Муса Жалил жана Целиноградская көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан №3208 көмөк чордонунда  ГКТП-400/10 кВА шкафын ГКТП 630/10 кВАга алмаштырышты. Бул тууралуу Энергетика министрлиги кабарлады.

Мындай кубаттуулукту жогорулатуу иштери ушул аймакта жашаган керектөөчүлөрдү электр энергия менен камсыздоонун сапатын жана ишенимдүүлүгүн жогорулатат.

Энергетиктер керектөөчүлөрдү электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу үчүн бардык чараларды көрүшөт.

Мындан тышкары окуңуз

Гүл, көчөт саткан жайлардын фитосанитардык абалы текшерилди

Гүл, көчөт саткан жайлардын фитосанитардык абалы текшерилди

28-апрелде Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматынын фитосанитардык көзөмөлдөө башкармалыгы тарабынан Бишкек шаарындагы өсүмдүк тектүү продукцияларды сактоочу жана сатуучу жайларда мониторинг жана түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти. Маалыматка караганда, текшерүү учурунда гүлдөрдү, декоративдик өсүмдүктөрдү жана көчөттөрдү саткан айрым соода түйүндөрүндө фитосанитардык коштоочу документтердин жана сертификаттардын толук эместиги аныкталды.

10 млн долларга аккумулятор заводу курулууда

10 млн долларга аккумулятор заводу курулууда

Бүгүн, 30-апрелде, президенттин Ош облусундагы өкүлү Аманкан Кенжебаев Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айыл аймагындагы Ак-Жар тилкесинде "Завод Аккумуляторов Лифан" жоопкерчилиги чектелген коому тарабынан курулуп жаткан аккумулятор заводунун курулуш иштери менен жеринде таанышып чыкты. Бул тууралуу Ош облустук өкүлчүлүктөн билдиришти. Иш сапары учурунда заводдун курулушунун жүрүшү, аны бүткөрүү мөөнөтү тууралуу

“Элкарт” улуттук төлөм системасы эл аралык рынокто өнөктөштүгүн кеңейтүүдө

“Элкарт” улуттук төлөм системасы эл аралык рынокто өнөктөштүгүн кеңейтүүдө

“Элкарт” улуттук төлөм системасынын төрагасы Алтымыш Туратбеков Куала-Лумпурда өткөн MoMents 2026 эл аралык форумуна катышууда. Иш-чара Ant International тарабынан уюштурулуп, эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана улуттук төлөм системасын дүйнөлүк рынокко илгерилетүүгө багытталган. "Элкарт" УТСнын маалымат казымтанан кабарлагандай, форумдун алкагында бир катар жолугушуулар өтүп, негизги көңүл өнөктөштүктү кеңейтүүгө жана

Таластагы мектепке 150 орундуу кошумча корпус курулду

Таластагы мектепке 150 орундуу кошумча корпус курулду

Талас районунун Ак-Жар айылындагы А.Султанбеков атындагы мектепке 150 орундуу жаңы кошумча корпус курулду. Бул туууралуу Курулуш министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, курулуш-монтаждоо иштери турак жай-жарандык курулуш департаменти тарабынан көзөмөлдөнүп, республикалык бюджеттен каржыланды. Объекттин жалпы наркы 57 миллион сомду түзөт. Долбоорго ылайык, имараттын жалпы аянты 1282 чарчы метрди