«Аэро Номад Эйрлайнс» авиакомпаниясынын Ош – Ысык-Көл багыты боюнча биринчи каттамы тосуп алынды

«Аэро Номад Эйрлайнс» авиакомпаниясынын Ош – Ысык-Көл багыты боюнча биринчи каттамы тосуп алынды

2023-жылдын 28-июлунда «Ысык-Көл» эл аралык аэропортунда Ош-Тамчы-Ош багыты боюнча жаңы каттам салтанаттуу түрдө тосуп алынды. Бул тууралуу «Манас» аэропорту билдирди.

Салт боюнча ата мекендик «Аэро Номад Эйрлайнс» авиакомпаниясынын Airbus A320 учагын суу аркасы менен тосуп алышты.

Оштон биринчи каттам менен 178 жүргүнчү учуп келсе, 180 адам Ошко учуп кеткен.

Бул багытта үзгүлтүксүз каттамдар жумасына бир жолу – жума күндөрү аткарылат.

Мындан тышкары окуңуз

Ысык-Ата районунда 34 чакырым жол оңдолууда

Ысык-Ата районунда 34 чакырым жол оңдолууда

Транспорт жана коммуникациялар министрлиги тарабынан Ысык-Ата районунда жол инфраструктурасын өнүктүрүү максатында автомобиль жолдорун куруу жана оңдоо иштери жүргүзүлүүдө. Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынын маалыматына караганда, 2026-жылдагы планга ылайык, Ысык-Ата районунда жалпы 34.5 чакырым жолго асфальт төшөө каралган. Бүгүнкү күндө Жээк – Гагарина автомобиль жолунун 5 чакырым

Цемент заводго инженердик текшерүү жүргүзүлдү

Цемент заводго инженердик текшерүү жүргүзүлдү

Курулуш министрлигине караштуу Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институтунун Түштүк башкармалыгы тарабынан Ноокат районундагы цемент заводуна кошумча курулган өндүрүштүк блоктун имаратына инженердик текшерүү жүргүзүлдү. Курулуш министрлигинин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, текшерүү Кулатов айыл аймагында жайгашкан “Түштүк Кыргыз цемент” заводунда өткөрүлдү.  Адистер долбоордук документтер менен таанышып, имараттын

Жогорку Кеңеш Улуттук банктын 2025-жылдагы иши жөнүндө отчетун жактырды

Жогорку Кеңеш Улуттук банктын 2025-жылдагы иши жөнүндө отчетун жактырды

Жогорку Кеңештин жыйынында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы Алмаз Бакетаевдин 2025-жылдагы ишмердүүлүгү тууралуу отчёту угулду. Өз сөзүндө төрага 2025-жыл ичинде Улуттук банкка жүктөлгөн функциялардын бардыгы толугу менен аткарылгандыгын, банк системасында санариптик инструменттер өнүккөндүгүн баса белгиледи. “Санарип сом долбоору ийгиликтүү илгерилетилип, анын статусу ыйгарым мыйзамдуу төлөм каражаты катары бекитилди.

Эмгек министрлигинде Франциянын өкүлү менен жолугушуу өттү

Эмгек министрлигинде Франциянын өкүлү менен жолугушуу өттү

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Мирланбек Байгончоков Франциянын ички иштер министринин иммиграция маселелери боюнча атайын өкүлү Патрик Стефанини менен жолугушту. Министрликтин басма сөз кызматы билдиргендей, тараптар эмгек миграциясы тармагындагы кызматташуунун учурдагы абалын жана аны өнүктүрүүнүн мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты. Өзгөчө көңүл эки өлкөнүн ортосундагы өнөктөштүктү чыңдоого жана эмгек миграциясы