Жогорку Кеңеш Улуттук банктын 2025-жылдагы иши жөнүндө отчетун жактырды

Жогорку Кеңеш Улуттук банктын 2025-жылдагы иши жөнүндө отчетун жактырды

Жогорку Кеңештин жыйынында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы Алмаз Бакетаевдин 2025-жылдагы ишмердүүлүгү тууралуу отчёту угулду.

Өз сөзүндө төрага 2025-жыл ичинде Улуттук банкка жүктөлгөн функциялардын бардыгы толугу менен аткарылгандыгын, банк системасында санариптик инструменттер өнүккөндүгүн баса белгиледи.

“Санарип сом долбоору ийгиликтүү илгерилетилип, анын статусу ыйгарым мыйзамдуу төлөм каражаты катары бекитилди. Тышкы тобокелдиктердин таасири минималдаштырылды. Эң башкысы өлкөдө баалардын туруктуулугу камсыз кылынды. Тышкы тобокелдиктердин күчөшүнө карабастан,  Улуттук банк жүргүзгөн тен салмактуу саясат өлкөдөгү инфляциялык процесстин ашыкча тездешине мүмкүндүк берген жок” – деди, Алмаз Бакетаев.

Талкуунун жүрүшүндө депутаттар инфляциянын деңгээли, насыялардын жеткиликтүүлүгү жана банк кызматтарынын сапаты боюнча маселелерди көтөрүштү.

Депутат Дастан Бекешев инфляцияны ооздуктоо боюнча Улуттук банк менен Министрлер Кабинетинин биргелешкен ишин күчөтүү зарылдыгын белгилеп, накталай эмес төлөмдөрдүн үлүшүн көбөйтүү жана банктардын санариптик туруктуулугун жогорулатуу сунушун айтты. Ал эми Депутат Медина Кайрылбекова керектөө насыяларын берүүдө алынган комиссияларга  көңүл буруп, жарандар үчүн насыя алуу шарттарын жакшыртуу зарылдыгын белгиледи.

Мындан сырткары депутаттар Салтанат Аманова, Айсаракан Абдибаева жана Болотбек Борбиев кредиттер менен ипотекалык насыялар боюнча пайыздык чендерди кайра карап чыгып, каржылоону калк үчүн жеткиликтүүрөөк кылууга чакырышты.

Жыйындын соңунда депутаттар Улуттук банктын ишмердүүлүгүнө байланыштуу бир катар сунуштарын берип, Улуттук банктын 2025-жылдагы иши жөнүндөгү Улуттук банктын төрагасынын отчетун жактырышты.

Мындан тышкары окуңуз

Чек арадан ири мүйүздүү малды контрабандалык жол менен өткөрүүчү туруктуу канал аныкталды

Чек арадан ири мүйүздүү малды контрабандалык жол менен өткөрүүчү туруктуу канал аныкталды

УКМК Чек ара кызматы менен биргеликте Баткен облусунун аймагында КРнан Тажикстан Республикасына мамлекеттик чек ара аркылуу ири мүйүздүү малды контрабандалык жол менен өткөрүүнүн туруктуу каналын аныктап, ага бөгөт койду. Соттун санкциясы менен жүргүзүлгөн атайын тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө КРнын жарандарынын тобу тарабынан өздөрүнүн кылмыштуу ишмердүүлүгүн жашыруу максатында, колдоо көрсөтүп туруу

Ишкер Media
Салык түшүүлөр 309 млрд сом болуп, план ашыгы менен аткарылды

Салык түшүүлөр 309 млрд сом болуп, план ашыгы менен аткарылды

Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Ысабеков Кыргызстандын салык системасы экономиканын өсүү темпине жетише албай жатат деген маалыматты четке какты. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады. Анын айтымында, мындай билдирүүлөр чындыкка дал келбейт. Акыркы жылдары Салык кызматы салыктык башкарууну жакшыртып, көмүскө экономиканы кыскартуу боюнча иш алып барууда. 2025-

Ишкер Media
Бажыны санариптештирүү жана бизнес менен өнөктөштүк форуму болду

Бажыны санариптештирүү жана бизнес менен өнөктөштүк форуму болду

Бүгүн, “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында “Заманбап бажы: санариптик трансформация, эл аралык кызматташтык жана бизнес менен өнөктөштүк” аттуу форум болуп өттү. Иш-чаранын уюштуруучусу, Мамлекеттик бажы кызматынын маалыматына караганда,  ага бажы кызматынын, "МБИ" ААКтын, "Бирдиктүү терезе" борборунун, "Салык Сервис", "Кызмат" ишканаларынын өкүлдөрү, Электрондук

Ишкер Media
Ошто жаңыланган чек ара комплекси пайдаланууга берилди

Ошто жаңыланган чек ара комплекси пайдаланууга берилди

Бүгүн Ош шаарында Мамлекеттик чек ара кызматынын Ош облусу боюнча башкармалыгынын жаңыланган комплекси ачылды. Бул тууралуу шаардык мэрия кабарлады. Маалыматка ылайык, салтанатка президент Садыр Жапаров катышты. Реконструкцияда штаб, казарма, ашкана, медпункт, спорт комплекси жана турак жайлар толук жаңыртылды. Иш-чарада онлайн форматта дагы 2 объект - Чүйдөгү "Ойронду" жана

Ишкер Media