Бир жарым жылда 6 миң тонна азык-түлүк аз камсыз болгон 170 миң жаранга бөлүштүрүлдү – Эмгек министрлиги

Бир жарым жылда 6 миң тонна азык-түлүк аз камсыз болгон 170 миң жаранга бөлүштүрүлдү – Эмгек министрлиги

Бүгүн, 1-августта 1397 тонна азык-түлүк эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу Эмгек министрлиги билдирди.

Байытылган ун жана өсүмдүк майы Россиянын тарабынан БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасына коомдук инфраструктураны калыбына келтирүүгө, климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттерин жумшартууга жана мектептерде ысык тамак берүүгө жардам берүүчү долбоорлор аркылуу өлкө боюнча аярлуу үй-бүлөлөргө колдоо көрсөтүү үчүн берилген.

"Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин жана БУУ ДАПтын "Эмгек үчүн азык-түлүк " долбоорунун алкагында бир жарым жыл ичинде 985 долбоор ишке ашырылып, ага катышкандыгы үчүн 32 миңден ашуун үй-бүлө (170 миң адам) 6 миң тонна азык-түлүк алышты.

Бул долбоорлор ирригациялык тармактарды жана ичүүчү суу менен камсыздоо системаларын калыбына келтирүүгө; бак-дарактарды отургузууга жана дарыялардын жээктерин бекемдөөгө; айылдык көпүрөлөрдү жана дренаждык тутумдарды курууга; потенциалды бекемдөө жана айыл чарбасын жүргүзүүнүн алдыңкы ыкмаларын киргизүү боюнча тренингдерге багытталган.

Мындан тышкары 79 тонна ун жана өсүмдүк майы улгайган жарандар, чоңдор жана майып балдар жашаган интернаттарга жөнөтүлдү. Бүгүнкү күндө алынган азык-түлүк долбоорлорго катышуу үчүн 5200 аз камсыз болгон үй-бүлөгө берилет. Бул 26000 адам.

Үй-бүлөлөргө 300 кг байытылган буудай уну жана 30 литр өсүмдүк майы берилет. Тренингдин катышуучуларына 150 кг байытылган буудай уну жана 15 литр өсүмдүк майы берилет", - деди эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев.

Россия Федерациясы БУУ ДАПтын Кыргыз Республикасындагы эң ири донору болуп саналат. Акыркы 10 жылдан бери Россия өкмөтү БУУ ДАП аркылуу КРнын жарандарына чукул жардамдан жана калыбына келтирүүдөн баштап, Өнүгүү жана социалдык коргоого чейин ар кандай деңгээлде колдоо көрсөтүп келет.

Мындан тышкары окуңуз

Ошто мыйзамсыз жер казган курулуш компаниясынын иши токтотулду

Ошто мыйзамсыз жер казган курулуш компаниясынын иши токтотулду

Ош шаарынын Фрунзе кичи районунда жаңы курулган жолдун бир бөлүгүн мыйзамсыз казган курулуш компаниясынын иши токтотулту. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясы билдирди. Мэриянын маалыматына ылайык, социалдык тармактарда тараган видео боюнча текшерүү жүргүзүлүп, "Ак Кайың" курулуш компаниясына уруксатсыз жер казуу иштери боюнча мыйзамга ылайык административдик айып пул салынды. Ошондой

Жети-Өгүздө курулуп жаткан жолдордун сапаты текшерилет

Жети-Өгүздө курулуп жаткан жолдордун сапаты текшерилет

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Курулушта сертификаттоонун республикалык борборунун адистери өлкө боюнча жол инфраструктурасынын объекттеринин сапатын туруктуу негизде көзөмөлдөп келет. Курулуш министрлигинин маалыматына ылайык, кезектеги көчмө текшерүүнүн алкагында Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы унаа жолдорунун курулушу текшерилди. Көзөмөл иштери Жеңиш, Кызыл-Суу, Сүттүү-Булак, Боз-

2024–2025-жылдары Иран жана Сириядан 551 жаран Кыргызстанга кайтарылды

2024–2025-жылдары Иран жана Сириядан 551 жаран Кыргызстанга кайтарылды

Коопсуздук кеңешинин катчысы Адилет Орозбеков Нью-Йорк шаарында өткөн БУУнун Терроризмге каршы күрөш боюнча төртүнчү жумалыгында сөз сүйлөдү. Бул тууралуу президенттин админстрациясынан билдиришти. Баяндама “Куралдуу жаңжалдар болгон аймактардан кайтып келген адамдарды сот жообуна тартуу, психологиялык жардам көрсөтүү жана коомго кайра аралаштыруу жаатындагы Борбор Азия өлкөлөрүнүн тажрыйбасы” темасына арналды. Өз сөзүндө

Кыргызстан менен Түркия ар тараптуу өнөктөштүктү чыңдайт

Кыргызстан менен Түркия ар тараптуу өнөктөштүктү чыңдайт

Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев 1-июлда Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган менен жолукту. Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, расмий сапарынын алкагында өткөн жолугушууда министр президент Садыр Жапаровдун саламын жана каалоо-тилектерин жеткирип, жылуу кабыл алуу үчүн ыраазычылык билдирди. Сүйлөшүүлөрдө БУУ, Түрк мамлекеттер уюму жана башка эл аралык