Бишкек "Эки дос" менен коштошту – анын ордуна сквер курулат

Бишкек "Эки дос" менен коштошту – анын ордуна сквер курулат

Сквердин салынышына тоскоол болгон акыркы объект буздурулду. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Башкармалыктын кызматкерлери тарабынан объекттин ээси менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөндөн кийин Киев жана Абдрахманов көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан,  капиталдык имарат – "Эки дос" тез тамактануу пункту өз ыктыяры менен демонтаждалды. Капиталдык имараттын жалпы аянты 163 чарчы метрди түзөт.

Эске салсак! Шаар мэри Эмилбек Абдыкадыров көчмө жыйындын алкагында борбор калаадагы жашыл аймактарды жакшыртуу жана санын көбөйтүү максатында жогорудагы көрсөтүлгөн аймакты көрктөндүрүү боюнча жетекчилерге тапшырмаларды берген. «Бишкекбашкыархитектура» муниципалдык ишканасы тарабынан Бишкек шаарынын мэринин тапшырмасынын негизинде коомдук эс алуу багынын долбоору иштелип чыккан.

Мындан тышкары окуңуз

Комитетте геопарктарды түзүү боюнча мыйзам долбоору колдоо тапты

Комитетте геопарктарды түзүү боюнча мыйзам долбоору колдоо тапты

22-июнда Агрардык саясат, суу ресурстары, жер казынасын пайдалануу, экология жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча комитеттин кезектеги жыйынында бир катар мыйзам долбоорлору биринчи окууда каралып, колдоо тапты. Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы маалымдагандай, жыйындын жүрүшүндө депутаттар Камила Талиева жана Марлен Маматалиев демилгелеген “Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары жөнүндө” мыйзамга киргизилип жаткан

Чүйдө суткасына 180 миң жумуртка өндүрүүчү жаңы канаттуулар фабрикасы ачылды

Чүйдө суткасына 180 миң жумуртка өндүрүүчү жаңы канаттуулар фабрикасы ачылды

Чүй облусунда асыл тукум канаттууларды өстүрүүчү «Три Т» заводунун негизги өндүрүш объектилеринин бири болгон «Кировец» канаттуулар фабрикасы расмий ачылды. Агроөнөр жай долбоору Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун (РКӨФ) каржылык колдоосу менен ишке ашырылды. Бул тууралуу РКӨФ башкармалыгынын төрагасы Артем  Новиков өз баракчасында белгилеген. Анын билдирүүсүнө караганда, жаңы ишкана суткасына 180 миң

Ош шаарында жаңы базар ачылды

Ош шаарында жаңы базар ачылды

21-июнда Ош шаарынын борбордук базарында Жибек Жолу базары ачылды. Базарда 1400 соода орундук даярдалган. Жибек Жолу базарына эски Келечек базарындагы ижарада соода кылгандар биринчилерден болуп орун алып жайгашкан.  Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынын маалыматына караганда,  базарда 4 ангар курулган. Ангарга Ош көчөсүндө соода кылган килем, эмерек базары көчүп

Бишкекте өтө турган инвестициялык бизнес-форумга даярдык талкууланды

Бишкекте өтө турган инвестициялык бизнес-форумга даярдык талкууланды

Инвестициялар боюнча улуттук агенттик Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин өкүлдөрү менен эксперттик видеоконференция өткөрүп, Бишкекте өтө турган Инвестициялык бизнес-форумга даярдык маселелерин талкуулады. Маалыматка ылайык, жолугушуу 24–25-июнда Бишкекте өтө турган ШКУнун Инвестициялык бизнес-форумуна даярдык көрүү алкагында уюштурулган. Анын жүрүшүндө расмий жана бизнес-делегациялардын катышуусу, катышуучулардын курамын түзүү,