Ала-Буканын «Жайыт комитетинин» төрагасы өзбекстандыктардын малын кармап пара талап кылган – УКМК

Ала-Буканын «Жайыт комитетинин» төрагасы өзбекстандыктардын малын кармап пара талап кылган – УКМК

УКМК тарабынан Ала-Бука районунун Көк-Таш а/а «Жайыт комитетинин» төрагасы К.у.К. акча талап кылуу фактысы боюнча кармалды. Бул тууралуу мекеме билдирди.

Такталгандай, УКМКга Өзбекстандын жараны 9 баш бодо малды мыйзамсыз кармап, ээлерине кайтарып берүү үчүн эки миң доллары өлчөмүндө акча талап кылып жаткан Ала-Бука районунун Көк-Таш а/а «Жайыт комитетинин» төрагасы К.у.К. карата чара көрүү боюнча кайрылган.

Бул фактынын негизинде УКМК тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренесинин 2-бөлүгүнүн 4-пункттунда (Опузалап талап кылуу) каралган кылмыштын белгилери боюнча кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө жаран К.у.К. талап кылынган акча каражатынын бир бөлүгү бир миң доллары өлчөмүндөгү сумманы алып жаткан жеринен кармалып, КР Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык КР УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкы башкармалыгынын тергөө-абагынын убактылуу кармоочу жайына 2 айлык мөөнөткө киргизилди.

Учурда тергөө иштери уланууда.

Мындан тышкары окуңуз

Мыйзам талаптарын бузган төлөм уюмуна 165 миң сом айып пул салынды

Мыйзам талаптарын бузган төлөм уюмуна 165 миң сом айып пул салынды

Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарын жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн, бир төлөм уюму жоопко тартылды. Улуттук банктын маалыматына караганда, төлөм уюмуна жалпы суммасы 165 000 сом өлчөмүндө айып пул салынган,  бирок кандай талаптардын бузулгандыгы ачыкталган эмес. 2016-жылдын 19-июнуна карата Кыргыз Республикасынын

Кыргызстан менен АКШ аба каттамдарын көбөйтүү жолдорун талкуулашты

Кыргызстан менен АКШ аба каттамдарын көбөйтүү жолдорун талкуулашты

Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин директору Данияр Бостонов АКШнын Кыргызстандагы элчиси Лесли Вигери менен жолугушуп, авиация тармагындагы кызматташтык маселелерин талкуулады. Мекеменин маалыматына ылайык, жолугушууда тараптар өнөктөштүк мамилелерди бекемдөөгө жана өз ара кызыкчылык жараткан багыттар боюнча кызматташууну кеңейтүүгө даяр экенин ырасташты. Сүйлөшүүлөрдүн негизги темаларынын бири Кыргызстан менен АКШнын ортосундагы “Ачык асман” жөнүндө

Ишкерлерге агробизнести өнүктүрүүгө жеңилдетилген насыя берилет

Ишкерлерге агробизнести өнүктүрүүгө жеңилдетилген насыя берилет

"Айыл чарбасында климаттын өзгөрүшүнө туруктуу кошумча нарк чынжырчаларын өнүктүрүү" долбоорунун алкагында мөмө-жемиш жана жашылча өндүрүмдөрүн сактоо, кайра иштетүү жана логистика тармагында иш алып барган ишкерлер үчүн жеңилдетилген каржылоо сунушталууда. Долбоордун алкагында ишкерлер сом эквивалентинде 5 млн АКШ долларына чейин насыя ала алышат. Каржылоонун мөөнөтү 10 жылга чейин

Чоң-Кеминде ак илбирсти сактоого багытталган экологиялык фестиваль өтөт

Чоң-Кеминде ак илбирсти сактоого багытталган экологиялык фестиваль өтөт

11-июлда Кемин районундагы Шабдан айылында “Ак Илбирс ЭкоФест Чоң-Кемин 2026” экологиялык фестивалы өткөрүлөт. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, иш-чара ипподром аймагында саат 09:30да башталат. Фестивалдын быйылкы темасы — "Ак илбирс: Эко-билим берүү — Кыргызстандын туруктуу келечегинин